Садыр Жапаров Афганистандагы кырдаалга көз салып турат

Президент Садыр Жапаров Афганистанда түзүлгөн кырдаалга тыкыр көз салып турат. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчысы Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы, коопсуздук кеңешинин катчылыгы жана тышкы иштер министрлиги аркылуу саат сайын тиешелүү маалыматтарды алууда.

Президент ишке тартылган тиешелүү мамлекеттик органдарга Афганистандагы кырдаалдын өнүгүшүнө ар тараптан мониторинг жүргүзүүнү улантууну тапшырды.

Тышкы иштер министрлигине Афганистандын аймагында убактылуу жүргөн кыргыз жарандары менен дайыма байланышта болуу, алардын коопсуздугун камсыз кылуу чараларын күчөтүү жана өз мекенине тез арада эвакуациялоо тапшырылды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.