Садыр Жапаров 6 мамлекеттин элчилеринен ишеним грамоталарын алды

Бүгүн, 17-майда, президент Пакистан, Өзбекстан, Венгрия, Афганистан, Түркия жана Казакстан өлкөлөрүнүн атайын жана ыйгарым укуктуу элчилеринен ишеним грамоталарын кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ишеним грамоталарын кабыл алып, мамлекет башчысы ар бир элчи менен алакадар болуп, алар менен эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттарын, жакынкы келечектеги өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктарын, өлкөлөр ортосундагы мамилелерди мындан ары тереңдетүү чараларын талкуулады.

Ошондой эле, саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуунун келечеги жөнүндө пикир алышты.

Президент элчилерди дипломатиялык миссиянын башталышы менен куттуктап, аларга Кыргызстандагы бардык максаттарды жана милдеттерди ишке ашырууда ийгиликтерди каалады.

Алардын бай эл аралык тажрыйбасы өлкөлөрдүн ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташууну стимулдаштырууга, өз ара кызыкчылык туудурган бардык маселелер боюнча өз ара аракеттенүүнү активдештирүүгө кызмат кылат деп ишендирди.

Садыр Жапаров чет мамлекеттердин элчилерине ар тараптуу жардам көрсөтүүгө жана алардын жооптуу дипломатиялык кызматтагы аракеттерин колдоого даяр экендигин билдирди.

Өз кезегинде элчилер Садыр Жапаровго жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдиришип, Кыргызстан менен кызматташтыкты чыңдоо, айрым маселелерди чечүүнүн эң алгылыктуу жолдорун издөө аракеттерин көрсөтөөрүн убадалашты.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.