Саатына эки адамдын өмүрүн алган илдет. Күнөө кыргызстандыктардын өзүндөбү?

Жүрөк-кан тамыр ооруларынын өлкөдөгү абалы 10 жылдан ашуун убактан бери жакшырбай келет. Кырдаалды өзгөртүү үчүн эл жашоо образын кескин өзгөртүүсү шарт деп дарыгерлер коңгуроо кагууда. 

Кеч кирип, күн ооп калган эле. Иш күнү аяктаганына карабай, кардиологиялык клиниканын иши кызуу жүрүүдө. Кызматкерлердин айтымында бул демейдегидей көрүнүш — күн сайын клиникага келген бейтаптардын саны арбын. Себеби, жүрөк оорулары өлкөдө кеңири кулачын жайып, эң көп кыргызстандыктардын өмүрүн алат. Ошол эле себептен улам, жеке клиника болобу, же мамлекеттикпи, кардиологдорго кезек күткөндөрдүн саны азайбайт. 

Оор тандоонун алдында 

Регистратуранын жанындагы диванда эки айым кеп куруп отурат. Колундагы бет аарчыны бекем кыскан айымдардын жүзүндө санаа. Алардын ооруканага эң жакын адамы менен келгени айтпаса да белгилүү. Ал ортодо дарыгер реанимациядан тез басып келди. Анын жообун күткөн айымдардын бири шак ордунан тура калды да:  

– Талант Романович…, – деп кайрылды ал.

– Ал  азыр реанимацияда. Алгач коронаграфиядан өтүү керек (жүрөк оорусун диагностикадан өткөрүү- ред.), – деген бойдон башка тарапты көздөй басып кетти. Бир аздан соң кайра чыгып, бейтаптын жүрөгүнө тезинен операция жасоо зарыл экенин кабарлады. Бирок акыркы операцияга баруу чечимин бейтап өзүнүн жакындары менен бирге кабыл алышы керек. Мындай кадамга баруу оңой-олтон иштерден эмес. Себеби, өлкөдө эң кымбат операциялар жүрөккө жасалат. Мындан тышкары, хирургиялык кийлигишүүнү ар бир организм көтөрө алат деп эч ким кепилдик бере албайт.

Миңдеген адам менен бирге статистикада

Палаталардын биринде Виктор Павловичти (аты өзгөртүлдү) кезиктирсе болот. Ал илимпоз, профессор, борбордогу жождордун биринде сабак берет. Өткөн аптада 78 жаштагы карыяга аорто-коронардык шунтирлөө операциясы жасалган. 

Анын жүрөгүнө тиешелүү көйгөйлөр 16 жыл мурун экспедиция учурунда пайда болгон. Виктор Павлович кезектеги долбоорун ишке ашырып жаткан убак эле. Тоо койнунда, таза абада сүйүктүү ишинин үстүндө жүрөк илдети өзү тууралуу кабар берет деп эч ойлогон эмес эле. Көкүрөгүндө пайда болгон катуу оорудан улам кесиптештери райондук ооруканага алып келишти. Нөөмөттөгү дарыгер нитроглицеринден экини берип, бейтапты кое берди. 

«Көкүрөктөгү курч оору кетпей койгонунан улам, кесиптештеримди мени шаарга алып келүүсүн сурандым», – дейт Виктор Павлович.

Бишкектеги ооруканада карыяга «инфаркт» диагнозун коюп, реанимацияга жаткырышат. Тиешелүү дары-дармектерди алган соң, Виктор Павловичтин абалы кыйла жакшырат. Убагында райондук ооруканадан шаарга келбегенде, көкүрөктөгү ооруну жөн койгондо, ал тирүү калат беле деген ойдон азыр ал чочулайт.  

Карыя 30 жыл бою тамеки чеккенин жашырбайт. Бирок зыян адаттан арылып, сейрек жашоого өткөнүнө быйыл 16 жылдын жүзү болду. Бүгүн ал жеке клиникада дарыланууда. Кичине чарчаганы болбосо, эбак жумушка чыгып кетмек… 

Виктор Павловичтикиндей окуя өлкөдө өтө сейрек кездешет. Себеби, кыргызстандыктар орто эсеп менен болгону 71 жыл жашайт. Ал эми эркектердин өмүрү андан да кыска – болгону 67 жыл.   

Профессордун жакындарынын көбү бул дүйнө менен эбак эле кош айтышкан. Алардын дээрлик баардыгынын өлүмүнүн себеби – жүрөк оорулары.

«Жыл сайын тегерегимдегилерге көз чаптырым, өзүм теңдүүлөр калбай калганына ынанам. Кээ бири 20 жыл мурда жарык дүйнө менен кош айтышса, айрымы 10 жыл мурда кете берген. Алардын көбү учурунда ден-соолугуна көңүл бурган эмес. Чегип, ичип коймой адаттары бар эле. Чынында, биздин организм бир күнү иштен чыга турган тирүү система да. Мен буга чейин эле о дүйнөгө кете бермекмин. Менин өлүмүм өлкөдөгү миңдеген адамдын өлүмүндөй эле көрүнүш болуп калмак…».

Эң биринчи киши өлтүргүч 

Учурда согуш болуп атпаса да, жыл сайын жүрөк оорулары Кыргызстанда 17 миңден ашуун адамдын өлүмүнүн себеби болот.  

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) маалыматына ылайык, жүрөк-кан тамыр оорулары дүйнөдөгү эң көп өлүмдүн себеби болот. Башка бир да илдет мынча адамдын өмүрүн албайт жана алган эмес. Аталган илдеттин Кыргызстандагы жагдайы дүйнөдөгү көрүнүштөн дээрлик эки эсе начар. Себеби, жүрөк оорулары дүйнөдөгү мерт кеткен  10   адамдын 3 үнүн себеби болсо, Орто Азияда, анын ичинен Кыргызстанда каза болгон 10 адамдын тең жарымы, башкача айтканда беши жүрөк-кан тамыр ооруларынын курмандыгы болгон.

 

Жамандыктын жарчысы

Расмий статистикага ылайык, жүрөк оруулары саатына 2 адамдын өмүрүн алат. Алардын ичинен 30 дун кырын жаңы ашкандары да бар экени кабырганы кайыштырат. Албетте, бул өлүмдөрдүн санын азайтуу толук мүмкүн эле. Бирок, ден-соолугуна кайдыгер караган мекендештерибиз өз өмүрүн өзү кыскартып атканы кейитпей койбойт.

2013-жылы Улуттук кардиология жана терапия борбору Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму менен бирге жугуштуу эмес ооруларынын тобокел жагдайлары боюнча (STEPS) изилдөө жүргүзгөн. Изилдөө 25 жаштан 64 жашка чейинки калкты камтыган жана   кыргызстандыктар арасында тамеки чегүү, алкогол ичүү, туура тамактануу жана спорт менен машыгуу канчалык деңгээлде жайылганынан кабар берет. Алардын баары тобокел жагдай деп аталат. 

Изилдөөнүн жыйынтыгы адистердин үрөйүн учураткан. Тобокел жагдайлардын дээрлик баардыгы кыргызстандыктар арасында кулачын жайып алган

Ар бир экономикалык активдүү жаранда жугуштуу эмес ооруларды козгоочу бирден ашуун тобокел жагдай, ал эми ар бир үчүнчү жаранда үчтөн көп тобокел жагдай бар экени аныкталган: 

  • эмгекке жарамдуу ар бир төртүнчү мекендешибиз тамеки чегет. Ал эми эркектер арасында зыян адат эки эсе көп кездешет;
  • ар бир үчүнчү кыргызстандык ичимдик ичет;
  • кыргызстандыктардын 4төн бири гана спорт менен машыгат. Туура тамактангандар калктын болгону 25%ын түзөт. 

Адистер калкты тезинен жашоо образын өзгөртүүгө чакырышат. Антпесе кейиштүү статистика оңолчудай эмес. Арийне, ал сандар 10 жылдан ашуун убактан бери бир калыпта сакталып келатканы маалым. Маселен, АКШдагы Вашингтон университетинин көз карандысыз изилдөө борборунун маалыматына ылайык, Орто Азияда 10 жылдан ашуун убактан бери жүрөк ооруларынан, анын ичинен коронардык жүрөк оорусунан жана инсульттан каза тапкандардын саны өзгөрбөй келет. Аталган себептерден улам, эң көп өлүм Өзбекстанда, андан соң Кыргызстанда катталган.

Ичимдикти азайтып, чылымдан качуу

Тобокел жагдайлардан арылуу менен миңдеген өлүмдү алдын алуу мүмкүн эле. Дарыгерлердин айтымында, жаштар арасында модага айланган ичкилик менен тамекини өнүккөн өлкөлөр басып өтүп, өз тарыхында калтырган. 

«Бул биздин коомдун оорусу. Биздин азыркы жашоо образыбыз Батыш өлкөлөрүндө 60-70-жылдары өмүр сүргөн. Учурда ал өнүккөн өлкөлөрдөн бизге өттү», – деп билдирет Айнагүл Жумагулова, Улуттук кардиология жана терапия борборунун мүдүрү.

«Биздин жаштарыбыз ичимдикти ичүүнүн маданияты бар экенин азырынча түшүнө элек. Биз аны тыюу керек деп айткан жерибиз жок. Болгону ченемди билүү керек». 

Ичимдикти ченеп ичүү чыныда өтө маанилүү. Бирок Кыргызстанда анын оптималдуу өлчөмү сунушталган эмес. «Өлкөдө элдин көбү жүрөк ооруларынан каза табат. Биз бир гана нерсени сунуштайт элек. Ичкиликти азыраак ичишсе, айрыкча күн өтө ысып турган учурда», – дейт Татьяна Борисова, Улуттук наркология борборунун орун басары. 

Анын айтымында өлкөдө алгоколду ичүү чеги тууралуу изилдөөлөр жүргүзүлгөн эмес. Бирок, чет өлкөлүк адистердин күнүнө 330мл. ден ашпаган сыра, 150мл. ашпаган вино же 150 мл. ден көп эмес күчтүү ичимдикти сунуштайт

Ал эми тамеки чегүү адатынан кутулган оң. Чеккен адамдын жанында болуу да сунушталбайт. Бул эрежени сактануу бир гана жүрөк ооруларын эмес, көптөгөн илдеттерди алдын алат. 

«Майлуу» сандар

Жүрөк-кан тамыр ооруларын козгогон тобокел жагдайлардын дагы бири – туура эмес тамактануу жана ашыкча салмактын болушу. Адистердин айтымында эмгекке жарамдуу төрт кыргызстандыктын ичинен үчөө ичкен-жегенин кайрадан карап чыгуусу шарт. Рационундагы майлуу тамакты азайтып жашылча-жемишти көбөйтүүсү керек. 

«Биздин өлкө даамдуу жана экологиялык жактан таза жашылча-жемишке бай. Ага карабай элибиз туура эмес тамактанат. Чоң адам өз рационуна болгону 400 грамм жашылча-жемиш кошуп коюшу керек», – дейт Улуттук кардиология жана терапия борборунун мүдүрү Айнагүл Жумагулова

Майлуу тамакты жактырган элибиздин салмагы жылдан жылга өсүп атканын расмий статистика маалымдайт. Жүрөк ооруларын козгогон тобокел жагдайдын бири болгон семирүү көрсөткүчтөрү Орто Азия өлкөлөрүнүн ар биринде өсүүдө.

 

Айтмакчы, «ашык салмак» менен «семирүү» түшүнүктөрү бири-биринен кескин  айырмаланат. Биз кеп кылган семирүү Кыргызстанда акыркы 10 жылдан бери өсүп эле келатат. Мисалы, 2006-жылы метаболизм оорусуна ар бир сегизинчи, ал эми  2016-жылы ар бир алтынчы мекендешибиз кабылган.  

Кардиолог Талант Кадыркуловдун айтымында, ашык салмак аз кыймылдап, туура эмес тамактангандан улам пайда болот. «Элибиз жаныбарлардын майын тамакта көп колдонот, жүрөк ооруларын алдын алуу үчүн анын өлчөмүн тамакта азайтуу зарыл»,  — дейт ал.

Салмак ашыкпы же организм семирүүгө кабылганбы, аныктоо үчүн атайын формула иштелип чыккан. 

Салмак индекси (СИ) = салмак (кг) / бой (м 2). 

Эгерде СИ 24,9 га чейин болсо – салмагыңыз түзүк. 

Ал эми 25-29,9 кг ортосунда болсо  – ашыкча салмак болуп эсептелет. Ал эми салмак индекси 30 килограммдан ашса, «семирүү» диагнозу коюлат. 

Мисалы, Бекжандын салмагы 90 кг, ал эми бою 175 см дейли.  

175 см = 1,75 м.

1,75*1,75

 

Демек, Бекжанда 5 кг ашыкча салмак бар.  

Бул формула универсалдуу — айыдарга да, эркектерге да тиешелүү. 

Салмагыңызды текшериңиз: 

 

Мезгилден артта калбай, жашоону узартуу

Саламаттыкты сактоо министрлиги көп убактан бери ооруларды алдын алууга эмес, дарылоого басым жасап келгенин мойнуна алат. Өкмөт катасын тапкан соң, 2019-2030-жылдарга карата «Дени сак адам – өнүккөн өлкө» аттуу программаны иштеп чыккан. Программада жугуштуу эмес ооруларды, анын ичинен жүрөк-кан тамыр ооруларын алдын алуу боюнча көптөгөн иш-чаралар камтылган.   

«Биз алыскы аймактарга мобилдик клиникаларды жайгаштырдык. Ал жерде дарыгерлер элдин ден соолугун текшерет, кан басымын, кандагы шекердин деңгээлин аныкташат. Були иш-чара жугуштуу эмес оорулар калк арасында канчалык жайылганын аныктоого мүмкүнчүлүк берет», – дейт Коомдук ден-соолук бөлүмүнүн башчысы Айнура Бектурганова. 

Сергек жашоону эл арасында жайылтуу максатында Саламаттыкты сактоо министрлиги башка министрликтер жана мамлекеттик эмес уюмдар менен биргеликте  түрдүү иш-чараларды өткөрөт. 

Бүгүнкү күндө спорттун түрү, скандинав жүрүшү, туура тамактануу боюнча пропаганда жүргүзүп атканын министрлик кабарлады. Мындан тышкары, майда соода түйүндөрүндө ичимдик менен тамеки сатуу убактысын чектөө тууралуу мыйзам долбоору иштелип чыгууда. 

Антсе да, мамлекет тарабынан кандай гана аракеттер каралбасын, жашоо үчүн  болгон күрөштүн бул түрүндө адамдын өзүнүн ролу зор. Ал ден соолугуна канчалык эрте кам көрсө, жыйынтыгы ошончолук жемиштүү болору талашсыз.

Маселен, Айжан 25 жашка толгондо жашоо образын өзгөртүүнү чечкен: рационундагы майлуу, өтө туздуу жана таттуу тамактан баш тартып, каша, жер-жемиш жана сууга бышкан тамакка өткөн. Албетте, ал өзүнүн сүйүктүү, куурулган лагманынан таптакыр баш тартып койбой, айрым, өтө сейрек учурда өзүнө уруксат берет. Айжандын сергек жашоого өткөнүнө быйыл үч жылдын жүзү болду: алгач спортзалга барып машыкчу, азыр йога менен алектенет. Кечкисин чуркайт.  

Ал эми тамекини таптакыр таштаган. «Көпчүлүк кыздар сулуулугу убактылуу экенин түшүнө бербейт. Алардын жүздөрү 10, 20 жылдан кийин бүгүнкүдөй болорун эске албайт. Мен болгону өз денемди сыйлайм. Ага ар түрдүү «таштандынын» түшүп калышын каалабайм. Себеби, биздин дене иштен чыкса, ордуна эч ким жаңысын бербейт да», – дейт ал.

Дарыгерлердин айтымында сергек жашоо, туура тамактанууну адат кылган жаштарыбыз бар. Бирок алардын саны кыйла аз. Дал ошондон улам, өзүбүз жараткан жашоо образыбыз миңдеген мекендештерибиздин өлүмүнө себепкер. Эң эле өкүнүчтүүсү — ар бирибиздин колубуздан келип турса да, тобокел жагдайлардан арылууну ар бирибиз эле туура көрө бербейбиз.  

Материалды даярдагандар: Асел Сооронбаева, Назигүл Жусупова

Редакторлор: Анастасия Валеева, Чолпон Узакбаева

Илюстративдүү сүрөт: Ксения Милохова

Бул материалUSAIDдин каржылык колдоосунда Internews ишке ашырып жаткан Медиа-К долбоорунун ачык маалыматтар менен иштөө багытынын алкагында Дүйнөлүк Банк менен өнөктөштүктө Анастасия Валееванын менторлугу алдында даярдалды. Авторлордун пикири өнөктөштөрдүн пикирин билдирбейт жана алардын позициясына дал келбеши мүмкүн.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген