Сааттап созулган унаа тыгыны. Көйгөйдүн себеби менен чечимдери

Нуржамал Баргыбаева – журналист

Ислам Кыдыров күн сайын жумушуна Ош шаарынын Ысакбек Монуев көчөсү аркылуу келет. Анын айтымында, бул көчөдө унаа кыймылы көп. Ошондуктан шаардын кире беришинен эле жарым сааттык тыгынга туш болуп, көбүнчө жумушунан кечигет. Ылдам жүрүү үчүн башка айланма көчөлөр дагы жок.

Ислам Кыдыров – Ош облусунун тургуну

Ал эми Бишкек шаарынын тургуну Алымбек Бектурганов борбор калаада дагы унаа тыгындары күч экенин билдирди. Манас проспектисинде, Абдрахманов, Жибек Жолу жана Лев Толстой көчөлөрүндө унаа тыгыныкөп болот. Айрыкча эрте менен жана кечиндеси 10-20 мүнөттөй бир жерден жылбай турууга туура келет. Алымбек Жибек Жолу менен Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишиндегиабалды видеого тартып жөнөткөн.

Бишкек шаары. Алымбек Бектургановдун өздүк видеосу

Маселени чечүү үчүн кандай иш-аракеттер аткарылууда?

Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, унаа тыгындары автоунаалардын санына жараша, жолдорду реконструкциялоо учурунда, унаа токтотуучу жайлардын жоктугунан жана айдоочулар эреже сактабагандыктан келип чыгууда.

Маселен, Бишкек шаары 40-50 миң унаага гана ылайыкташтырылган. Бирок, азыр калаа ичинде 500 миң транспорт кыймылда болот. Ал эми өлкө боюнча 2010-жылы транспорт каражаттарынын саны 400-450 миңдин тегерегинде болсо, бүгүнкү күндө 1 миллион 400 миңден ашты. Мындан тышкары, күн сайын 30 миңдей унаа Кыргызстанга коңшу мамлекеттерден кирип-чыгып турат.

“Башкы башкармалык тарабынан унаа кыймылдарын жөнгө салуу боюнча иш-мерчемдер жүргүзүлүүдө. Жолдорду оңдоо учурунда айдоочулардын багытына көз салып жатабыз. Эрежени сактабай, унаа тыгындарын жараткандарга мыйзам боюнча 1000 сомдон 17 500 сомго чейин айып пул салынат”, – деп айтылат маалыматта.

Жол эрежесин иретке келтирүү максатында жаңы мыйзам долбоору иштелип чыкты. Эми эрежени одоно бузган айдоочулар бир жылдан үч жылга чейин айдоочулук укугунан ажыратылат. Учурда мыйзам долбоору президенттин кароосунда турат жана өлкө башчысы кол койгон күндөн тарта күчүнө кирет.

Транспорт жана жолдор министрлигинин маалымат катчысы Кылычбек Досумбетовдун айтымында, министрлик унаа тыгындарын жоюу үчүн алтернативдүү жолдорду жана акы төлөп пайдалануучу жолдордун курууну пландоодо. Анын ичинде Ош шаарын айланып өтүүчү жол салуу, Ош-Ноокат жолун реконструкциялоо сыяктуу жумуштар аткарылат. Мындан тышкары, министрлик жеке ишкерлердин шериктештиги менен иш алып бармай болууда.

Кылычбек Досумбетов

“Өкмөт жеке ишкерлер мененбиргелешип долборлорду аткаруу үстүндө иштейт. Тагыраагы, жеке тараптардын каржылык колдоосу менен жаңы жолдор курулат. Ош-Бишкек жолунда дагы унаа тыгындары жаралат. Бул маселени чечүү үчүн 2014-жылы Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун курулушу башталган. Жолдун узундугу 433 чакырымга жетет. Анын 100 чакырымы пайдаланууга берилди. Калган бөлүгүн бүтүрүү иштери жүрүп жатат”, – деди Кылычбек Досумбетов.

Белгилей кетсек, 1996-жылдан бери жол салуу жана оңдоо жумуштарына 2,5 миллиард доллар акча сарпталган. Бирок, жолдордун жетишсиздиги толугу менен чечиле элек.

Жол тыгындарын кантип жойсо болот? Серепчилердин пикири

Мурдагы транспорт министри Бакыт Бердалив СССР маалындакурулган жолдор азыр кеңейтилүүгө муктаж деп эсептейт. Алсак,бир шаарда 20-30 жыл мурда 500 миң адам жашаса, азыр 1миллион эл жашайт.Ага жараша транспорт каражаттарынын саны да көп. Ошондуктан жолдордун жетишсиздиги жаралууда. Ар бир аймактын башкы планын кайра түзүү менен шаарларды айландырып чоң жолдорду куруу зарыл.

Бакыт Бердалиев

“Учурдун талабына жараша альтернативдүү трассаларды куруу керек. Башка мамлекеттерде мындай ыкма жакшы жыйыныктык берип, унаа тыгындары жокко эсе. Кыргызстанда дагы инвесторлорду тартуу менен бул жетишкендикке жетсек болот. Андан сырткары туннелдерди жана акы төлөнүүчү жолдорду куруу менен да маселени чечүүсүү мүмкүн”, – деди Бакыт Бердалив.

Ош технологиялык университетинин автомобиль жана аэродромдор кафедрасынын ага окутуучусу Сатыбалды Дүйшеев, унаа тыгынына айдоочулардын эреже сактабагандыгы, жүргүнчүлөр жолдун ар кайсы жеринен кесип өтүшү менен жолдордун жетишсиздиги себеп экендигин айтты. Ошондуктан айдоочулар унаа башкаруу боюнча окуп, тажрыйба алганда гана рулга отуруусу маанилүү. Ал эми жөө жүргүнчүлөр үчүн ар бир аймакта жер астынан жана үстүнөн өтмөктөр болгону жакшы. Жөө жүргөн адамдар автоунаа кыймылы көп көчөлөрдөгү эрежелерди аткарып, өтмөктөрдү пайдалануу коопсуздукту сактайт жана тыгын пайда кылбайт.

Сатыбалды Дүйшеев

Өтмөктү пайдалануу унаа тыгындарын азайтты

Жалал-Абад шаарында унаа тыгыны көбүнчө Ленин көчөсүндө болот эле. Маселени чечүү үчүн 2019-жылы Ленин жана Нагима Айтматова көчөлөрүнүн кесилишине жер асты менен өтүүчү өтмөк курулган.

Шаар тургуну Тынычбек Доулдаевдин айтымында, өтмөк пайдаланууга берилгенден бери унаа тыгындары жоюулуп, жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу жакшырып калды. Жүргүнчүлөр жолдон өтмөк аркылуу гана өтүшөт. Муну менен алар жолдогу тыгынды азайтышты.

Жалал-Абад шаары.
Тынычбек Доулдаевдин өздүк видеосу

Жүргүнчүлөрдүн маданияттуулугу тыгындын алдын алат

Орусияда дагы унаа тыгындары катталат. Бирок, абалды жүргүнчүлөр ого бетер күчөтүп жиберишпейт. Москва шаарында жашап жаткан Рахима Дастанова жөө жүргүнчүлөр эрежени так сактай тургандыгын айтты. Алар жолдун ар кайсы жеринен кесип өтүшпөй, жүргүнчүлөр өтүүчү жол сызыктан жана жер астынан жана үстүнөн өтүүчү өтмөктөрдөн өтүшөт. Эгерде эрежени бузгандар аныкталса, жоопкерчиликке тартылат.

Москва шаары.
Рахима Дастанованын өздүк видеосу

Европада айдоочулар эрежени сактап, унаа тыгындары пайда болбойт

Европа мамлекеттеринде эки жылдан бери оор жүк ташуучу унаа айдаган Шухрат Азимов айдоочулар эрежеге баш ийип, маданияттуулукту жогорку деңгээлде сакташарын билдирди. Испания, Италия, Литва, Португалия жана Германия сыяктуу мамлекеттерде Кыргызстандагыдан да кичине, тар көчөлөр бар. Бирок, айдоочулардын унаа башкаруу тажрыйбасы жакшы болгондуктан тыгын жаралбайт.

Польша

“Ошондой эле шаарда коомдук транспорттор көп жүрөт. Трамвай, троллейбус, автобустар элдерди ташыйт. Ал эми жеке унааларды шаардын кире беришине токтотуп коюшуп, калаа ичинде аз пайдаланышат. Оор жүк ташуучу автоунаалар менен айланма жолдордо гана жүрөбүз”, -дейт Шахрух Азимов.

Автоунаа тыгындары дүйнөдөгү эң чоң шаарларда дагы актуалдуу көйгөйлөрдүн бири болуп келүүдө. Анын ичинде Орусияда дагы. 2020-жылы Нидерландиянын “Tom Tom” компаниясы унаа кыймылдары боюнча 57 мамлекеттин 416 шаарында изилдөө жүргүзгөн. Жыйынтыгында Орусиянын Москва шаарында эң көп унаа тыгын болору аныкталды. Андан кийинки катарда Мумбаи, Богота Манила жана Стамбул шаарлары турат.

“Бул материал АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) жана FHI360 уюму өнөктөштүктө, Кыргызстандагы Интерньюстун өкүлчүлүгүнүн Медиа-К аталган долбоорунун колдоосу менен ишке ашырылды. Материалда айтылган пикирлер Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн көз карашына дал келбеши да мүмкүн.

Даярдаган: Нуржамал Баргыбаева.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.