Сүттү кайра иштетүүнү кантип нөлдөн баштап түптөсө болот? Видео

“Демге-дем” медиа борбору Кыргызстандагы элеттик ишкер айымдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында атайын репортаждарды даярдады. Долбоордун негизги максаты жашы 40тан илгерилеп  калган ишкер айымдардын кызматын, өз колу менен жасаган буюмдарын же товарларын интернет аркылуу таанылтуу жана жаңы кардарларды табууга көмөктөшүү. Кыргызстандын аймактарында экономикалык оор абалга, чектөөлөргө карабай, элдин жашоо деңгээлин жогорулатууга умтулуп, түрдүү кыйынчылыктарды жеңип, өлкөбүздүн тагдырына кайдыгер эмес,  өнүгүүсүнө салым кошкон айымдардын ийгиликке жетүү жолун баяндайт.

Долбоордун катышуучуларынын бири Нуркан Жанакова

 

Ош шаарынан 3 чакырым алыстыкта, Кара-Суу районуна караштуу Шарк айыл аймагында  жайкашкан “Оржемиль” сүттү кайрадан өндүрүп чыгаруучу ишканасында жалпысынан 10 кызматкер эмгектенет.  Алар керектөөчүлөр үчүн сапаттуу сүт азыктарын даярдоо менен алек. Эртелептен алардын иши келген сүттөрдөн ар түрдүү азыктарды даярдап чыгарууга багытталат. Айылдардагы  фермерлерден топтолуп келинген сүттөр алгач тазаланып бышырылышы керек.

Нуркан Жанакова – “Оржемиль”  сүтту кайрадан өндүрүп чыгаруучу ишканасынын жетекчиси: – Бул атайын апараттар. Алар сүттүн бүт бөлтөкчөлөрүн, майларын талкалап бизге берүү үчүн керек. Ошондуктан гомегазатордон өткөрүп алабыз. Андан кийин уютуу процесстери жүргүзүлөт. Азыр бышырылып жатат.

Даярдалган сүттөн бир нече түрдүү тамак-азыктары чыгарылат.  Алар учурда жергиликтүү базарларга жана дүкөндөргө сатыкка чыгарылууда.  Эч кандай кошулмасыз, жалаң табыгый жол менен даярдалган азыктар сынактын негизинде жеңип алган социалдык мекемелерге да жиберилет.

Нуркан Жанакова – “Оржемиль” сүтту кайрадан өндүрүп чыгаруучу ишканасынын жетекчиси: -Сүттөн негизинен 400 граммдык сметаналарды, 200 граммдык сметаналар чыгарабыз. Ошондой эле каймак, айрандарды чыгарабыз. Өзүбүздүн илгерки септиматорлордон чыгарган каймактарды чыгарабыз. Айрандын болсо түрлөрү бар. Сүттү дагы пастеризациялап туруп, атайын пакеттерге салып, тендерден жеңип алган мекемелерге жеткирип беребиз.

Жай мезгилинде ишкана күнүнө 1 тоннага чейин сүттү кайрадан өндүрүп чыгарса, кышкысын 600-700 кг сүттү иштетүүдө. Бул максатта 150гөжакын фермерлер менен келишим түзүлүп, күн сайын алардан сүттөр алынып келинет. 15 жылдан бери иш жүргүзүп келген ишканада көйгөй жок дегенге болбойт.

Нуркан Жанакова – “Оржемиль” сүтту кайрадан өндүрүп чыгаруучу ишканасынын жетекчиси: -Бул жерде электр энергиясы тез-тез өчүп турат. Суу маселеси аябай орчундуу масалесинин бири. Бул маселелер да акырындап өз жолуна түшүп келе жатат. Электр жарыгы өчөөрдө бизге Кара-Суу РЭСинен кабарлашат. Ошого карап же түнкүсүн же бир күн мурун көбүрөөк планда иш алып барабыз. Ал эми суу боюнча бизде атайын 25 тонналык суу коюучу идиштерибиз бар. Аларга сууну толтуруп алабыз. Азырынча көйгөйлөрдү ушинтип чечип жатабыз.

Сүт азыктарын 72 сааттан көп сактоого болбойт. Андыктан продуктуларды өтө кылдаттык менен даярдоо талап кылынат. Бул үчүн эң биринчи мал жандыктар ар кандай илдеттерден алыс болуп өз убагында ветеринардык текшерилүүдөн өтүүсү талап. Эки тараптуу түзүлгөн келишимге ылайык, фермерлер айтылган жагдайларды аткарышат. Андан сырткары коюлган атайын талаптарга ылайык,  мында келген сүттөрдүн жана сатылуучу азыктардын курамы баары текшерилет.

Назгүл Баатырова – ишкананын лаборанты: – Күнүмдүк сүттөрдүн текшерип туруу керек бул жерде.Келген сүттөрдүн майлуулугу,кычкылдуулугу, коюмдуулуг текшерип, аларды проценттерге бөлүп, ичкериге алып киребиз. Андан кийин алардан сметана, кефирлер жасалат.

Кардарлардын талабына ылайык даамдуу, сапаттуу жана табигый азык-түлүктөрдү чыгарып келе жаткан “Оржемиль” сүттү кайрадан өндүрүүчү ишканасын атаандаштардан артта калтырбай, базар экономикасы учурунда алга жылдырып келе жаткан айым  Нуркан Жанакова. Ал бир эле ишкердикти аркалабастан, мээримдүү апа жана сүйүктүү жар болуп, үй-бүлө жаатында да өз ордун тапкан.

Нуркан Жанакова – “Оржемиль” сүттү кайрадан өндүрүп чыгаруучу ишканасынын жетекчиси: -2 уул, 2 кызым бар. 2 балам үйлөнүп жайланып калган, чоң уулум 3 балалуу болду, 2 балам,  бир чоң кызым да 2 балалуу болуп калды. Кичине кызым 8 класста окуйт.

Айыл-чарба жаатында ишкердик кылууну алгач жолдошу баштаган. Ал сүттү кайрадан өндүрүп иштетүүнү максаттап, бардык ишти нөлдөн тартып түптөгөн. Учурда ишкердикти улантууну Нуркан Жанакова менен балдары колго алышкан. Негизи жоопкерчиликти, кайраттуулукту жана чыдамкайлык, көрөгөчтүктү талап кылган ишкердик жаатындагы аялдын орду дагы бийик экенине Нуркан айым ынанып келет.

Нуркан Жанакова – “Оржемиль” сүттү кайрадан өндүрүп чыгаруучу ишканасынын жетекчиси: -Азыр коомдогу аял кишилердин орду бар болуп эсептелинет. Негизи аял киши абдан бышык болотэкен. Эми ишкердик жаатында аял кишилер эркектер менен тең болууга араркет кылган менен тоскоолдуктар көп болот . Алар эми ар кандай себептер менен бир аз аксайт экен. Эми ушундай ишкердүүлүктү баштаган аялдарга айтарым , жашоодо ар кандай оор, кыйын күндөр болот. Келечекке максат койдуңбу ага жетүү үчүн ар андай тоскоолдуктарды жеңип өтүш керек. Ар кандай тоскоолдуктарды жеңип өтүш керек. Жашоодо ар кандай кырдаалдар болот ошолорду жеңип чыккандан кийин гана жеңишке жетесиң.

Жашоодо мыкты эне, мыкты жубай болуу өзүнчө чоң жагдай. Ал эми дагы күчтүү ишкер айым болуу андан чоң жоопкерчилик.  Өзгөчө айыл чарба, өндүрүш жаатында ишкердик кылуу андан чоң аракетти талап кылаары чындык. Жашоонун бул чындыгын жакшы түшүнгөн Нуркан айым келечек үчүн да кам көрүп жаткандардын бири.

Нуркан Жанакова – “Оржемиль” сүттү кайрадан өндүрүп чыгаруучу ишканасынын жетекчиси: -Бул иш башталгандан кийин дайыма үзүрлүү эмгекти талап кылган иш болуп эсептелинет. Дайыма изденүү, алдыга жылуу менен гана ийгиликке жетише аласың. Биз азыр кефир, сметана , сүт чыгарсак, келечекте дагы йогурт, курут, быштак да чыгарсак болот. Ушул продукциялардын дагы түрлөрүн чыгарууга аракет кылып, эмгектенип жатабыз.

Нуркан Жанакова кесиби мугалим болгондугуна карабастан, өндүрүш тармагында өз ийгилигин жарата алган. Аткарган эмгектерине ылайык, шаардын, облустун ардактуу баракчаларына ээ болуп, “Кыргызстан аялдар конгресси” тарабынан “Курманжан Датка”сыйлыгына татыган. Демек, жаңы ишкердик түрүн баштоо үчүн, ошол кесиптин ээси болуу зарыл эмес. Жөн гана максат жана эмгек кылуу жетиштүү.

«Бул макала «Элеттик аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу максатында журналисттер менен аялдардын биригүүсү» долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасындагы АКШ Элчилигинин Демократиялык Комиссиясынын каржылык колдоосу менен даярдалган. Бул жерде келтирилген сунуштар, корутундуулар жана пикирлер, авторлордун оюн гана билдирет. АКШ мамлекеттик департаментинин көз карашына дал келбеши мүмкүн»

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген