Сүрөттөр сүйлөйт: Бакиевдин Жалал-Абаддагы үйүнүн учурдагы абалы

Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин Жалал-Абаддагы үйүнүн азыркы абалы. Бир кездерде бул аймак эс алуу зонасы болуп, бардык шарттары менен курулган.

Бакиев бийликке 2005-жылдын 24-мартындагы «Элдик ыңкылаптын» жеңишинин аркасында келген. Бирок, 2010-жылдын 6-7-апрелиндеги элдик толкундоолор ыңкылапка чейин өсүп чыгып, натыйжада ал өлкөдөн чыгып кеткен.

Андан соң, сот 2010-жылдагы Апрель окуясы боюнча Курманбек Бакиевди күнөөлүү деп таап, үй-мүлкүн конфискациялоо менен аны өмүр бою эркинен ажыратуу боюнча сыртынан чечим чыгарган.

 

Фото: Бексултан Абиев

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген