Сүлүктү шаарынан банктык карточка жана акча уурдаган жаран кармалды

Банктык карточкалардан тышкары 10 400 сом акча жабырлануучунун паспортун уурдады делген шектүү Сүлүктүү шаарынын 19 жаштагы тургуну болгон. Бул тууралуу Баткен облусунун ИИБнан кабарлашты.

2020-жылдын 25-февраль күнү Сүлүктү шаарындагы автобекетте Лейлек районунун Катраң айылынын 21 жаштагы тургуну кийип турган курткасынын чөнтөгүнөн жашыруун түрдө 10400 сом акчасын, банктык карточкаларын жана жарандык паспортун белгисиз адамдар тарабынан уурдалып кеткендиги боюнча Сүлүктү ШИИБне арыз жазган.

Бул факты боюнча Сүлүктү ШИИБнин кызматкерлери ыкчам-иликтөө иш чараларынын негизинде Сүлүктү шаарынын 19 жаштагы жаранын кармашкан. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген