Сүйүн Өмүрзаков Чаткалдагы санитардык-карантиндик постторду текшерди

Ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков коомдук коопсуздуктун камсыздалып жаткандыгын көзөмөлдөө максатында Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы бардык санитардык-карантиндик посттор менен жеринде таанышты. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, министрдин орун басары Жалал-Абад ОИИБнин башчысы Кылычбек Жолдошов жана Чаткал районунун акими Канжарбек Эшалиев менен бирге аталган райондогу айылдарды кыдырып, абал менен танышып чыгышты. Анда коронавирус илдетинин мындан ары жайылышына жол бербөө максатында көрүлүп жаткан чаралар  белгиленди.

Андан сырткары, жергиликтүү жашоочулардын кайрылууларына көңүл бурушуп, аны чечүүнүн жолдорун карашты. Жергиликтүү тургундарга өзгөчө муктаждык жаралган учурда гана үйдөн чыгууга, аралыкты сактоого жана коомдук жайларга баруудан карманып туруу сунушталат.

Постто турган кызматкерлерге атайын коргонуучу каражаттар (илдеттен коргонуучу халат, көз айнек, беткап, кол кап, антисептик) жеткирилди.

Белгилей кетсек учурда район аймагына 9 блок-пост коюлуп, Каныш-Кыя айылы толук изоляцияга алынган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.