Рыспекова: Кыргызстанда төрөлгөн балдардын дээрлик жарымынын атасы жок

Кыргызстанда төрөлгөн балдардын дээрлик жарымынын атасы жок. Бул тууралуу баланын укуктары боюнча акыйкатчысы Жыпариса Рысбекова Sputnik агенттигиндеги маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, 2020-жылы Кыргызстанда 170 миңге жакын бала төрөлгөн, анын 22 пайызы расмий никеге турбаган энелердин балдары.

“Статистика боюнча бардык балдардын 49 пайызы атасыз үй-бүлөлөрдө жашайт. Бул жаман тенденция. Акыркы 5 жылда никелерди каттоо 10 пайызга азайып, ажырашуулардын саны 19 пайызга көбөйдү”, – деди ал.

Ошондой эле, ал үй-бүлөлүк баалуулуктардын төмөндөшү байкалып жаткандыгын белгиледи.

“Эненин туулгандыгы тууралуу күбөлүгүндө 4-5 баласы болуп, атасынын ордуна сызыкчалар коюлган учурлар бар. Адатта аялдар өздөрү үчүн 1-2 баланы төрөшөт жана атасы белгисиз. Акыркы жылдары үй-бүлө институту кыйрады. Изилдөөгө ылайык, өлкөнүн калкы 2030-жылга чейин картая баштайт. Бүгүнкү күндө кыйын кырдаалга туш болгон балдар ата-эне болушат жана мунун баары кандай болоорун билбейбиз. Азыркы ата-энелер 90-жылдардагы кыйын мезгилде чоңойгон балдар. Учурда бул муун ата-эне болуп калды, биз үй-бүлөлөрдө зордук-зомбулукту, анын ичинде физикалык,жыныстык көрүнүштөрдү көрүп жатабыз”, – деди ал.

Мындан тышкары, ал балдар ата-энесин карылар үйүнө өткөрүп бергенде фактылар көбөйгөнүн айтты, бирок буга чейин мындай көрүнүш жалгыз бой кары адамдарга гана тиешелүү болгон деди.

автор: DZh

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.