Руслан Казакбаев Орусиянын Кыргызстандагы элчиси менен жолукту

2-июнда Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Орусиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Николай Удовиченкону кабыл алды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-орус кызматташтыгынын, эл аралык жана аймактык күн тартибинин актуалдуу маселелери, ошондой эле Кыргызстан менен Орусиянын мамлекет башчыларынын 2021-жылдын 24-25-майында Сочи шаарында болгон жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча жетишилген келишимдерди жүзөгө ашыруу боюнча пикир алмашуу болду.

ТИМ башчысы дүйнөдө COVID-19 илдетинин өсүшү уланып жаткандыгына кабатырланып, пандемиянын социалдык-экономикалык кесепеттерин жоюуда биргеликте өз ара аракеттенүү зарылдыгына көңүл буруп, кыргыз тарап жакын арада «Спутник V» вакцинасынын 80 миң доза көлөмүндөгү экинчи партиясынын келүүсүн күтүп жаткандыгын белгиледи.

Маектешүүнүн катышуучулары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында орун алган куралдуу кагылышууну талкуулашты.

Жыйынтыгында тараптар союздаштык мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө жана кеңейтүү максатында өз ара аракеттенүүнүн бардык тармактарын мындан ары интенсификациялоого ниеттенгендигин билдиришти.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.