Руслан Казакбаев Ирандын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

27-октябрь күнү Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министри Руслан Казакбаев Ирандын Кыргызстандагы элчиси Саид Харразини кабыл алды.

Элчи министр Руслан Казакбаевге Иран Ислам Республикасынын тышкы иштер министри Хоссейн Амир-Абдоллахияндын атынан Иранга иш сапары менен келип кетүүгө расмий чакыруусун тапшырды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-иран эки тараптуу мамилелерин абалын, ошондой эле Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы эки тараптуу кызматташуусунун артыкчылыктуу багыттарын, анын ичинде Бишкек шаарында ирандык Соода үйүнүн ачылышы, Бендер-Аббас деңиз портунун транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу менен Иран-Түркмөнстан-Өзбекстан-Кыргызстан жаңы темир жол корридорунун ачылышы тууралуу талкуулашты.

Андан тышкары, министр менен элчи туристтик байланыштарды өнүктүрүү жана эки өлкөнүн ортосундагы авиакаттамдардын жыштыгын жана санын жогорулатуу, ошондой эле иран тарабынын Кыргызстандагы гидроэнергетикалык долбоорлорун ишке ашырууда катышуусу жөнүндө кеп кылышты.

Министр Руслан Казакбаев иран компанияларын Кыргызстандын экономикасынын артыкчылыктуу тармактарына, анын ичинде Ысык-Көл облусунда туризм инфраструктурасын өнүктүрүүгө инвестициялоого чакырды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.