Руслан Казакбаев БУУнун башкы катчысы Антониу Гуттериш менен жолукту

Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев БУУнун башкы катчысы Антониу Гуттериш менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуу БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын жогорку деңгээлдеги жумалыгынын иш-чараларына катышуунун алкагында өткөн.

Министр Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун атынан башкы катчынын экинчи мөөнөткө кайра шайланышы менен куттуктоосун жеткирди.

Руслан Казакбаев БУУнун башкы катчысына Кыргызстанда болуп жаткан саясий трансформациялар, анын ичинде үстүбүздөгү жылдын 28-ноябрында өтө турган Жогорку Кеңешке шайлоо тууралуу маалымат берди.

Башкы катчы Кыргызстандын президентинин “БУУ-Борбор Азия” саммитин жана “Тоолуу региондорду өнүктүрүүнүн беш жылдыгын” өткөрүү демилгелерин колдоорун билдирди.

Тараптар Афганистандагы кырдаал эртерээк турукташтырылышынын маанилүүлүгүн талкуулашты жана баса белгилешти.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.