Ошто «Достук» фестивалы өтүп жатат

Кыргыз-Өзбек университети уюштурган фестивалга коңшу өлкөдөн делегациялар келди.

Окуу жайдын 25 жылдык мааракесине араналган  «Достук» фестивалына  Өзбекстан Республикасынын  Наманган, Андижан, Фергана мамлекеттик университеттеринен окутуучулар, студенттер келген. Фестивалда спорттук таймаштар, маданий иш-чаралар орун алууда.

Ал эми университеттин ректору: «Өзбекстандагы дээрлик бардык жогорку окуу жайлар менен ишмердүүлүк жүргүзүп келебиз. Фестивалды дагы достук мамилени чыңдоо максатында өткөрүп жатабыз. Буга чейин дагы студенттер, окутуучулар тажрыйба алмашып, көп иш-чараларды өткөргөнбүз» ,- деп билдирди Чаткалбай Райымбаев.

 

Кошумчалай кетсек, Кыргыз-Өзбек университети 1994-жылы түзүлгөн. Анда  8миңден ашуун билим алуучулар бар.

Оставить комментарий

Ваш E-mail адрес не будет опбуликован! Нужные поля помечены звёздочкой