Ошто милиция кызматкери ок чыгарып, жөнөкөй жаран жабыркады

 Окуя 2018-жылдын 23-декабрь күнү, саат 11.30 чамасында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу бѳлүмүнүн тескѳѳчүлѳрү кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда кара түстѳгү «Мерседес-Бенц» үлгүсүндѳгү, мамлекеттик белгиси «1771 ОА» болгон автоунаасы бардык терезелери толугу менен караңгылатып жүргѳнүн кѳрүшкѳн. Тиешелүү кызмат бир канча жолу айдоочуну токтотууга аракет жасаган. Бирок , айдоочу мыйзамга бай ийбе, каршылык көрсөтүүнү уланта берген.

“Мыйзамга баш ийбеген айдоочуну кармоо учурунда, милиция кызматкерлери автоунааны бузуп токтотуу максатында табелдик куралы менен «Мерседес-Бенц» үлгүсүндѳгү машинанын алдыңкы дѳңгѳлѳктѳрүнѳ карата ок чыгарган. Атылган ок автоунаанын алдыңкы сол тарабындагы дѳңгѳлѳктүн үстүнѳ (крыло) тийип, андан кайып ѳтүп, жол четинде бараткан 1961-жылы туулган, Ош шаарынын тургунуна тийген. Учурда алардын ѳмүрүнѳ коркунуч жок”- деп билдирди Ош ШИИБнын басма сөз кызматы.

Ал эми Ош ШИИБнын криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан окуя болгон жерден качууга үлгүргѳн айдоочу бир саатка жетпей Тѳлѳйкѳн айылынын Ош шаарына караштуу аймагынан кармалды. Ал Ош облусунун Кара-Суу районунун Тѳлѳйкѳн айылынын 1999-жылы туулган тургуну, КР ИИМдин атайын базасынын тизмесинде кылмыштуу топтун мүчѳсү катары каттоодо турган, мурда каракчылык менен соттолгон, А.А. болуп чыкты.

Азыркы учурда бул факты бою окуянын күбѳлѳрү суралууда, КР кылмыш кодексинин 341-беренесинин 1-бѳлүгүнүн негизинде кылмыш иши козголду. Тийиштүү экспертизалар дайындалды.

Оставить комментарий

Ваш E-mail адрес не будет опбуликован! Нужные поля помечены звёздочкой