Финансылык чалгындоо кызматынын төрагасына сөгүш берилди

Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы Гуламжан Анарбаевге сөгүш берилди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Тийиштүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон. Бирок мындай чечимге эмне себеп болгону  айтылган эмес.

Эске салсак, буга чейин социалдык тармактарда Финансылык чалгындоо кызматы банктардан эсеп жана ячейка боюнча маалыматты талап кылган каттын сүрөтү тараган.

Андан соң Улуттук банк Финчалгындоо кызматынын бул талабы «Улуттук банк, банктар жана банктык ишмердик» тууралуу мыйзамга туура келбей турганын билдирген.

 

Оставить комментарий

Ваш E-mail адрес не будет опбуликован! Нужные поля помечены звёздочкой