Роналду төртүнчү ирет ата болду

Белгилүү футболчу  Криштиану Роналдунун үй- бүлөсүндө кубанычтуу кабар орун алды. Тагыраагы Криштиану Роналду менен сүйүктүүсү  Жорджина Родригес кыздуу болушту. Наристеге ата- энеси көптөн бери эңсеп жүргөн Алана Мартина деген ысымды ыйгарышты.

Белгилүү болгондой бир канча саат мурун 32 жаштагы футболчу инстаграмдагы баракчасына :”Алана жаңы эле жарыкка келди! Джорджина менен кичинекей кызым өздөрүн жакшы сезип жатышат. Биз аябай бактылуубуз!”- деген билдирүүсүн  калтырган.

Эске салсак, Жорджина алгачкы  жолу эне статусуна ээ болуп жатат. Ал эми Криштиану төртүнчү  жолу ата  болду. Туң уулу кичинекей Криштиану (Cristiano Ronaldo Jr.) жети жашта, андан кийин Ева (Eva) жана Метью Mateo деген эгиздери бар.

Фото: : Instagram Криштиану Роналду, Жорджина Родригес

Автор: Таңкыз Эргешбаева

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz