Үркүн

1916-жыл

Үркүн

Улуттук боштондук күрөшү
Бул "үркүн" көркөм тасмасындагы кадрлар
Андагы ары каргашалуу да, ары кайгылуу да ирмемдерден үзүндү.
Билбегенге бул жөн гана тасма сыяктуу сезилет чыгар. Билгенге ал - болгон окуянын далили. Кыргыздын оңой эмес күндү кечирген тарыхынын таасын чагылдырылышы...
Мына ушундай тасмалардан, адабий чыгармалардан эске түшкөн Үркүнгө быйыл 100 жыл толду. 1916-жылы өз жеринен куулуп, бөтөн жерде кырылган кыргыз тарыхындагы апаатка 1 кылым болду. Ошол "1916-жыл", "Үркүн" деген сөздү мектептеги адабий чыгармалардан нечен ирет уктук. Ал маалда жүрөгүбүз "тыз" эткени менен кийин унутуп, мамлекеттик деңгээлдеги эскерүү иш-чараларынан кайра эстеп...
Арийне, өтмүштөгү орду толгус жоготууну, ошондогу эркиндикке болгон күрөштү тарых барактарын артка барактап туруу, эсте тутуу парыздыр. Мына ошондой максатта "Үркүн" тууралуу азыраак эске салууну туура көрдүк.

Чынында, Үркүн десе эле 1916-жыл деген дата жана Кытайга качкан кыргыздын элеси көзгө тартылат. Бирок, Улуттук боштондук күрөшү 1916-жылы эле "жылт" этип чыга калган жок. Анын түпкү себептери ага чейинки жылдарда катылып жаткан эле. Тарыхта Улуттук Боштондук күрөшүнүн негизги себеби Падышанын Жер саясатына баш ийбөөчүлүк деп берилип келет. Дээри, Үркүн апаатынын түпкү себеби – Орусиянын узак мөөнөттүк колониялык саясаты болгон. Эмесе, Үркүн тууралуу баянды Улуттук Боштондук күрөшүнө жеткирген 3 себеп менен баштайлы.
Саясий өзгөрүү
- Орус бийлиги кыргыздарды негизинен курал колдонуу менен өзүнө караткан;
- Кыргызстан 20 жылдын ичинде (1855-1876) Орусиянын карамагына толук кошулган;
- Түркистан генерал губернаторлугунда Кыргызстан негизинен үчкө, ал эми Лейлек тарап Самаркан облусуна карап, жалпысынан төрткө бөлүнүп калган;
- Бул жылдар аралыгында Кыргызстандын аймагы жалпы 73 болуштукка бөлүнгөн.
Экономикалык өзгөрүү
- Падышанын буйругу менен Борбордук Россиядан орус дыйкандары көчүп келе баштаган;
- Аларга 30 гектардан жер берилип, 15 жылга салыктан бошотулган;
- Келгин орустар кыргызстандыктардын 6% ын түзсө да, жерлердин 60% ына ээлик кылган;
- 1891-жылы Падышанын Талаа жобосунун негизинде Кыргызстандагы бардык жерлер Орусиянын менчиги деп жарыяланган.
"Анжиян" көтөрүлүшү
- Орустар колониялык саясатты көздөгөнүн билген кыргыздар XVIII-кылымдын чейрегинен баштап эле:
1. Өз алдынчалыгын сактоо үчүн
2. Дүйнөлүк тарыхта өз ордун жоготпоо максатында күчтүү өнөктөш - Орусияга жакындаган. Алар менен дипломатиялык мамилелерди түзүп, байма-бай элчилерди жөнөтүп турган. Бирок, элдин үмүтү акталган эмес жана анын кесепетинен Анжиян көтөрүлүшү келип чыккан
Саясий өзгөрүү

Кыргызстан 1855-жылдан тарта каратылып отуруп, 20 жылдын ичинде (1876) Орусиянын карамагына толук кошулган. Орус бийлиги кыргыздарды негизинен курал колдонуу менен өзүнө караткан. 1865-жылы Туркистан облусу түзүлүп, анын башчылыгына генерал Черняев дайындалган. Көп өтпөй, 1867-жылы бул облус "Туркистан генерал губернаторлугу" деп кайра түзүлүп, Кыргызстан ага 3 кө бөлүнүү менен баш ийип турду.

1. Сыр дарыя облусу. Борбору Ташкент (Кыргызстандын түштүгү ушул жана Фергана облусуна караган)

2. Жети-Суу облусу. Борбору – Верный шаары (Алматы), (Кыргызстандын түндүгү ушул облуска караган)

Мындай түзүмдө Кыргызстандын түндүгү (казактардын азыркы Алма-Ата, Талды-Коргон облустары) Жети-Суу облусуна кирип турган. 1876-жылы орус бийлигинин кулачы кеңири жайылуу менен "Туркистан генерал губернаторлугу" Кокон хандыгын жойгон. Кокон хандыгынын ордуна Фергана облусу түзүлүп, хандыкты талкалоодогу чоң эмгеги үчүн генерал М.Д. Скобелев Ферганага жетекчи болуп бекитилди. Ошентип Кыргызстан ТГГна (Түркистан генерал губернаторлугу) негизинен үчкө бөлүнүп, ал эми Лейлек тарап Самаркан облусуна карап, жалпысын төрткө бөлүнүп калган. Албетте, андагы баш ийүү аймактарында кыргыздардын (башка улуттардын деле) этникалык курамы эске алынган эмес.

1886-жыл. ТГГ "Түркистан крайы" болуп кайрадан түзүлгөн. Андагы башкаруу деле негизинен жарым аскердик мүнөздө эле. Ошол себептүү башкаруу бийлигинде (облустарда да) генералдар – аскер адамдары турду. Облустар уезддерге бөлүнүп (башчысы - капитан, майор), уезддер болсо болуштуктарга бөлүндү. Болуштуктар 2000-3000 түтүндөн туруу менен 3 жылда 1 жолу Болуш шайланып, болуштуктар 100-200 жараны бар айылдарга бөлүндү (башчысы - старшина, "старчын"). Мына ошол "старчындар" гана жергиликтүү элдин ичинен (датка, бий, манаптар) шайланбаса, бардык жерде орустар көзөмөл кылчу. Башта "старчындар" датка, бий, манаптардын добушу менен шайланса, кийинчерек орустар аларды шайлоо өткөрбөй эле өздөрү шайлап коюуга өттү. Бул жылдар аралыгында Кыргызстандын аймагы жалпы 73 болуштукка бөлүндү.

Кыргыз айылы

1903-жыл.
Сүрөт: Б. В. Смирнов
ТҮРКИСТАН ГЕНЕРАЛ-ГУБЕРНАТОРУНУН РЕЗИДЕНЦИЯСЫ
Түркистандын генерал-губернатору К. П. Кауфман пахта салыгын көзөмөлдөөдө
Экономикалык өзгөрүү

Ошентип орус бийлиги өзүнүн күчүн бекемдөө максатында Борбордук Орусиядан орус дыйкандарын (падышанын буйругу, зордугу менен) көчүрүп келе баштады. Сибирден чууруп көчүп келген миңдеген орустарга Кыргызстандын сууга бай, тушүмдүү жерлери - бейиш болчу. Орустар кыргыздардын жакшы жерлерин келгин орустарга күч менен тартып берип, аларды калкалап турду. Жыйынтыгында, көчүп келген орус дыйкандарга 30 гектардан жер берилип, алар 15 жыл салыктан бошотулду. Мындан сырткары, алар өздөрүн коргошу үчүн курал-жарак менен камсыздалган болчу. Ошентип 15 жылдын ичинде Токмок, Каракол уезддеринде 35 тен ашык келгин дыйкандардын айылдары пайда болгонго жетишти (алар Жети-Сууга көп келишкен). Орус дыйкандары суунун баштарын ээлеп, сугат жерлерге толук эгедерлик кылуу менен көп өтпөй сырттан келген орустардын саны арбый баштады. Бир учурда 2500 дөн ашуун орус дыйкандары кыргыз жерлерине кирип турушканын тарыхый изилдөөлөр далилдейт.

1891-жыл. Падышалыктын "Талаа жобосу" иштелип чыкты. Анын негизинде Кыргызстандагы бардык жерлер Орусиянын менчиги деп жарыяланды. Эске салсак, ага дейре эгинге ыңгайлуу гана аймактар падышалыктыкы деп эсептелчү. Ошондон тарта мал-жанын баккан кыргыз чабандары жайыттарга салык төгө баштады да, алгач 1 койго - 1 тыйын, жылкыга - 30 тыйындан төлөнүшү керек болгон салык Биринчи Дүйнөлүк согуш учурунда 10-15 сомго чейин жетти. Бул карапайым эл үчүн болуп көрбөгөндөй чоң сумма эле. Мындан улам салык төлөө кыйындап, жыйынтыгында малдар салыктын ордуна айырбаштала баштады. Баарынан да, Кыргызстандагы дыйкандардын 6% түзгөн келгин дыйкандар жерлердин 60% ээлик кылып чыга келди. 94% ды түзгөн жергиликтүү элге дыйканчылык жерлердин 40% гана берилип калды.
Ишке тартылган дыйкандар
Андижан көтөрүлүшү

Орустар колониялык саясатты башынан эле көздөгөнү маалым болчу. Муну билген кыргыздар XVIII-кылымдын чейрегинен баштап эле:
- Өз алдынчалыгын сактоо үчүн
- Дүйнөлүк тарыхта өз ордун жоготпоо максатында күчтүү өнөктөш - Орусияга жакындай баштаган. Алар менен дипломатиялык мамилелерди түзүп, байма-бай элчилерди жөнөтүп, Түндүк Кыргызстандагы айрым уруулар өз ыктыяры менен орустарга кошулган. Тилекке каршы, эркиндикти сүйгөн кыргыз элинин үмүтү акталбай жатты. Ошол себептүү жер-жерлерде толкундоолор боло баштады. Бирок, падыша аларды бат эле тынчытып койчу. Улам күчөп, улам эзүү менен өкүм сүрүп жаткан бийликтин колониялык өмүрү 1898-жылга дейре келип жетти. Бул жыл 19-кылымдын соңуна таяп бараткан датага туура келет. Ошентип элдин нараазычылыгы "дүрт" деп тутануу менен Анжиян көтөрүлүшү башталып кетти.

1898-жылдын, 17-майы. Анжиянга жакын жердеги Миң-Дөбөгө кыштагында 200 киши чогулуп Падышанын бийлиги, адилетсиздиги тууралуу ачык-айкын айтып чыгышты. Өз жерине ээ боло албай, жерин, малын тарттырып тургандардын ою бир жерден чыкты. Ошентип, толкуп турган эл орок-чалгысы менен Анжиянга карай жөнөп, жолдон улам кошулуп отуруп, элдин саны 2 миңге жетти.

Бул учурда Андижанда болгону 2 рота гана орус аскери бар болчу. Бейкапар жаткан аскерлерге көтөрүлүшчүлөр түнү кол салды да, салгылашууда карапайым эл 100 дөй кишисин жоготуп, 20 чакты аскер каза тапты. Эртеси таңда көтөрүлүш толкуну Фергана, Наманганга желдей тарап кетти.
Анжиян көтөрүлүшүн тажик улутундагы таасирлүү дин кызматкери Мадали духчи эшен жетектеди. Бирок, көтөрүлүштүн идеялык башчысы дөөлөс уруусунан чыккан кыргыз - Зиядин Максым уулу эле. Зиядин Кокон хандыгынын ордосунда иштеп жүрүп, Кудаяр хандын тапшырмасы менен Хандыктын тарыхын жазган билимдүү киши болгон. Көтөрүлүш чыккан маалда ал 80 ге таяп калганына карабай нараазылардын башын бириктире алды.

Мадали духчи эшен
көтөрүлүштүн башчысы
Бирок, куралсыз, алсыз эл эркиндикти демилгелеген уулдарын коргой алган жок. 2 эле күнгө созулган Анжиян көтөрүлүшү 20-майда токтотулду. Мадали эшен колго түшүп, июнь айында дарга асылды. Көтөрүлүштүн негизги курамындагылар жазага тартылганы менен карапайым элди катаал жаза күтүп турганы маалым болчу. Миң-Дөбө айылы түп орду менен жок кылынды. Тиешеси бар да, жок да 777 адам камакка алынды. Анын ичинен 362 си өлүм жазасына буюрулду. 18 адам тез аранын ичинде дарга асылды. (Өлүм жазасына тартылган 362 кишинин 106 сы кыргыздар болгон) Кийинчерек сот болуп, 362 адам узак мөөнөткө Сибирге айдалды.
Анжиян көтөрүлүшүнүн башчылары колго түшкөндөн кийин
Мына ушундай саясий да, экономикалык да өзгөрүүлөр "Үркүндү" негиздеди
Үркүн (Улуттук боштондук күрөшү)
кандай жүз берди?
Үркүнгө жогоруда айтылгандай Орусиянын колониялык саясаты себеп болуп берди. Бирок, Улуттук боштондук күрөшүнө алпарган "дүрт этме" бул - 1916-жылдын, 25-июнунда чыккан Падышанын буйругу эле. Буйрукка ылайык, 19 жаштан 43 жашка чейинки эркек балдар аскер жумушуна тартылышы зарыл болчу. Экинчи тараптан Улуттук Боштондук күрөшүнө Биринчи дүйнөлүк согуш (1914) да себеп болуп берди. Анткени, Орусия бул согуштун катышуучусу катары өз позициясын бекемдөө максатында Туркистан элин тылдык жана аскердик коргонууга тартууга мажбур эле.

1916-жыл, 25-июнь. Падыша (Николай II) туркистандыктарды согуштук жумуштарга мобилизациялоо тууралуу буйрук чыгарды. Эл ичинде "балдарыбызды согушка жибербейбиз. Ал жакта согушуп жаткандарга биздин балдар окоп казып, окту биринчи биздин балдар тосот экен. Чочконун этин да жешет тура" – деген сөздөр күчөп кетти.

Эл биринчи жолу 4-июлда Фергана облусунун Хожент (азыркы Тажикстан) уездинде жыйналыш кылды. Дал ушул жыйналышта жаалданган эл согушка жибериле тургандардын тизмесин жыртып салышты. Тизме болуштар тарабынан түзүлүп, анда дээрлик карапайым элдин жакындары гана жазылган болчу. Толкундоо тез эле башка облустарга тарап, Кыргызстандын түндүгүнө (Жети Суу облусуна) жете түштү. Араң турган эл Каркыра жайлоосундагы Каман-Карагай жайлоосунда жыйын өткөрүшүп, анда "согушка балдарды жөнөтпөйбүз. Андан көрө өз эркиндигибизди сактоо үчүн согушалы" деген чечимге келишкен. (Бирок, кыргыздардын аскердик абалы эң эле жөнөкөй болчу. Маселен, Канат хан токмоктуктарды жыйып Старая Покровканы (эски Токмокту) курчоого аракет кылганда, анда болгону 20 га жакын түтөтмө мылтык болгон. Ханды ээрчигендер белди ашып келе жатып шыргыйларды кыйып, найзаларды жасашкан)

Нараазычылыктын Түркистанга тарашынан корккон падыша согушуп жаткан армиядан генерал А. Н. Куропаткинди чакыртып, аны Түркистандын генерал-губернаторлугуна дайындады. 17-июль күнү Түркистанда согуштук абал жарыяланды да, губернаторлуктун аймагына 11 батальон, 3300 казак-орус аскери жөнөтүлдү. Алар 42 замбирек, 69 пулемет менен куралданган болчу.
Мындай аскердик даярдыктын негизинде падыша өкмөтү Сыр-Дарыя, Самарканд, Фергана облустарындагы көтөрүлүштөрдү июль айынын аягында басып коюуга жетишти. Бирок, Жер саясатынан көбүрөөк жабыр тарткан Жети-Суу облусунун нараазычылыгы күч алып бара берди.

1916-жылдын 8-августунда Кемин суусунун эки жээгинде жашаган эл чогулуп, Жантай хандын небереси – Мөкүш ажы Шабдановду хан көтөрүштү.
Бул убакта (9-август) Ыбрайым Төлө уулу Боом капчыгайынан орус аскерине кол салып, курал-жарак олжологон эле. Орус аскерлер Балыкчыга, көтөрүлүшчүлөрдү жазалоого курал алып баратышкан. Жыйынтыгында, каршы чыгууну пландап жаткан эл куралга ээ болот. Бирок, 178 даана мылтык жана 30 миңдей ок-дары кимге жетмек? Ошентсе да, тарых барактарында бул курал тартып алуу – бир топ элди кыргындан сактап калды деп айтылат. Ким билет, балким бул кадам орус бийлигин жаалдантып, дагы көп курмандыкка себепчи болгондур...

12-августта Жети-Суу облусунун аскер-губернатору М. А. Фильбаум көтөрүлүшчулөрдү басуу үчүн убактылуу аскер талаа сотторун түзүүнү буюрган. Анын негизинде келгин орус дыйкандардан жазалоочу атчан жана жөө кошуун түзүлгөн.

13-август. Бул күнү Канат хандын башчылыгындагы көтөрүлүшчүлөр Шамшынын белин ашып Токмок шаарын жана Покровка селосун курчоого алышкан. Бирок, бул учурда Верный шаарынан 1600 аскер келип, шаарды коргоого жетишип калышкан болчу. Пулемётко, 100 мергенчиден турган эки дружина, 150 куралдуу атчанга көтөрүлүшчүлөр бир нече ирет чабуул жасап турушту (14-22-август). 22-август-күнү таңга жуук подполковник Гейцигдин Ташкенттен жиберилген отряды келип нараазылардын колун талкалап, тирүү калгандар кармалды. Кийинчерек, алар сотсуз эле дарга асылып, мал-жаны мамлекетке өткөрүлдү.
Ээсиз калган үйлөр
Талкаланган айыл
Августтун аягында Пржевальскиден анча алыс эмес жерде көтөрүлүшчүлөр менен жазалоочулардын ортосунда акыркы ири салгылашуу болду. 21-августта 4 миндей көтөрүлүшчү оң, сол канат болуп душманга бир нече ирет чабуул коюшту. Ал эми 28-августта Түптөгү салгылашууга 7 миңден ашуун көтөрүлүшчүлөр катышты.
Бирок, сентябрь айына ыктай падыша аскерлери менен майда кагылышуулар гана болуп турбаса, көтөрүлүш жалпы жонунан женилүүгө дуушар болду.

Падыша өкмөтү көтөрүлүштү куралдын күчү жана аёосуз жазалоонун сүрү менен басты. Келгин орус дыйкандардан түзүлгөн убактылуу талаа соту көтөрүлүшчүлөрдү ылгабай атууга буюруп турушту. Алардын буйруктары кынтыксыз аткарылып, тиешеси бар да, жок да жарандар атыла берди... Ошондой эле, келгин дыйкандарга атууга кеткендердин мүлкүнүн эсебинен өз мүлктөрүн толуктоо мүмкүнчүлүгү берилди.

1916-жыл, октябрь айы. Түркистандын генерал-губернатору А.Н.Куропаткиндин башчылыгы астында атайын кеңешме өткөрүлдү. Анда Пржевальск, Пишпек уездиндеги калган элди табияты татаал, дыйканчылыкка ыңгайсыз Нарын тарапка көчүрүү жана ал жакта Нарын уездин түзүү жөнүндө маселе чечилди. Ал эми көтөрүлүштүн чыккан жери — Чүй өрөөнүнүн күн чыгыш тарабындагы эки болуш элди Балхаш көлүнүн айланасына сүрүп салуу жагы да каралды...
Көтөрүлүштө көзүнөн айрылган кыргыз
Кыргыз аялдын жүзү. 1916-жыл
Тарыхта эки окшоштук бар. Талаа соттору бир эле учурда Чүйдүн Ак-Суусунда жана Ысык-Көлдүн Ак-Суусунда кыргыздарды массалык түрдө кыруу иштерин жүргүзгөн. Чүйдөгү Ак-Сууда 500 кишини жыйын болот деп алдап чакырып кырып, айрымдарын Бишкекке айдап келип кыйнап өлтүрүшкөн. Ал эми Ысык-Көлдүн Ак-Суусунда 500 дөй киши "ок коротулбайт" деген максатта штык менен сайып өлтүрүлгөн. Бул тууралуу архивдик бир материалда "кыргыздарды саям деп отуруп жаңы айрымды сындырып алдым. Эски эле айрымды алпарсам болмок экен" – деген келгин дыйкандын айтканы жазылган.

Үркүн. 1916-жыл.
"Учурдагы Боом капчыгайында Жолойдун бешиги деген жай бар. Ошол жерге 10 миңдеген кыргыздар камалган. Аларды четинен алып чыгып атып, жигиттер кемпир-чалга чейин шылдың көргөн. Дал ушул капчыгайда беш көкүл кыздар зордукталган. Мындан улам жүздөгөн намыскөй кыргыз кыз-келиндери Чүй суусунун бооруна келип, аскадан боюн ташташкан".

Ө. Осмонов, Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор
«...Фильбаум, жолуккан кыргыздын баарын кырып жок кылгыла. Айылдарын өрттөп жибергиле деген буйрук берди, биз буйрукту буйруктай аткардык, - деп кошумчалаган Бакуревич. (Бакуревичтин Веймарга берген маалыматынан)

Г.И. Бройдо, советтик, мамлекеттик ишмер
«...Андан ары чытырман токой башталды. Жолдо үйүр-үйүр жылкылар, топ-тобу менен уйлар, сан жетпеген майда жандыктар, бош калган боз үйлөр учурай берди. Мунун өзү биздин келе жатканыбызды билип калышып, жанталаша шашып качышканынан кабар берет. 25 чакырым жол жүргөн соң каңгыган кара малдан баш адашчу болду, букалары мындан көп. Бешикке бөлөнгөн балдар да жол боюнда калыптыр. Бир маалда менин отрядымдын алды жактагы бөлүгү качкындар менен атыша кетти.
Кымбат баалуу буюм-теримдерине карабай тоо таяна качкан элди, чер токойго жашырынган кыргыздарды аёосуз кырдым. Тоо жолу өйдө-ылдый, таштак, ары тик болгондуктан аттарыбыз чарчап, андан ары качкындардын сары изине түшүүнүн мааниси деле калган жок. Миңдей кара мал айдап, Пржевальскиге бет алдык.

(Фон Бергдин күндөлүгүнөн. Кыргыз маданияты, №34, 1991-жылдын 22-августу.)
«...Ущелье на протяжении 8-10 верст вверх по р.Тюпке было очишено от киргизов. Имущество вместе с юртами (штук 200-300) сожжены нами, а скот весь у них захвачен и угнан нами к городу Пржевальску и с.Теплоключинском сдан. Киргизов убито и ранено человек 70-80. Взято живыми 13 чел., которые сданы в Пржевальскую тюрьму.
Скота захвачены:
лошадей-172,
рогатого-1645
и овец-10221,
а всего 12038 голов, о количестве захваченного скота при сем прилагается»

Жети-Суу облусунун аскер командачысы М.А. Фольбаумга дагы бир жазалоочу отряддын начальнигинин 1916-жылдын 28-августундагы рапорту
(ЦГА КазССР, Ф. Прокурор Верненского окружного суда, оп.1, д.491, лл).
«...Последнее время киргизы, как и раньше, продолжают идти вглубь Китая на подводах по найму. Многие идут пешком, даже есть случаи, (что) матери оставляют своих грудных детей. Продают подростков как девочек, так и мальчиков, продают последнюю свою одежду - весь Уч-турфанский базар завален киргизскими вещами, как-то: с юрт войлока, казаны, арканы, седла и остальные домашние вещи.
Войсковой старшина Бычков».

Орусиянын Кашкардагы консулдугунда түзүлгөн протоколу. 1916-жыл, 7-январь.
(ЦГАОР УзССР, ф. Туркестанский комитет Временного правительства, оп, 1, д. 5, А 249).

Кытайга качуу

Мындай кордук, аёосуз жазалоодон элдин үрөйү учту. Бирин-эки ишенген башчыларынан ажырагандардын өлүм жыттанган Мекенинен оолактоодон башка айласы жок эле...

Бирок, өз жеринен куулган элди дубан ашуулары менен кошо өмүр жана өлүмдүн күрөшү күтүп турган болчу....
Падышанын колониялык саясатынан жабыркап, келгин орус дыйкандарына жерин, мал-мүлкүн тарттырып нараазычылыкка чыккан элдин экинчи үмүтү талкаланды. Үчүнчүдөн, алар өзгө жактан келген орус дыйкандарынын соттоосунун негизинде өлүмгө буюрулуп турду. Тиешеси бары да, жогу да атылып жатты. Ошентип, Улуттук Боштондук күрөшүндө болжол менен 200 миңдей жаран каза тапты. Алардын көпчүлүгү салгылашуу маалында өлтүрүлсө, калгандары нараазычылыкты басуудагы жазалоодо атууга буюрулду. Жок болуп кетүү коркунучундагы чарасыз эл Кытайды көздөй жүрө берди... Тарыхый материалдардан (кийинчерек) маалым болгондой, Кытайга Жети-Суу облусунун өзүнөн эле 332 миң адам кирип барды.

Тарых барактарында 1916-жылдагы Улуттук Боштондук күрөшүндө каза болгондордун жарымы орустардын колунан каза тапса, тең жарымы Кытайга качкан жолдо өлгөн деп айтылат. Себеби, октябрь айларында ашууларда күн суук болмок тургай, кар да муз болуп тоңуп калат эмеспи..? Жырткычтык менен жазалаган орустан качкан эл табияттын татаал шартына өлүп берди. Алар ээн талаа, куу чөл, ач карышкыр, дарыя агымына, ачкачылыкка денесин тосту. Балким, ашуулардын катаалдыгын, өлүм болушун карапайым калк деле билген чыгар. Кантсе да алар көчмөн калк эмес беле? Бирок, "өлбөй эптеп Кытайга жетсек болор" деп үмүттөнүшкөн го сыягы...
Видеодогу Тарагай суусу Бедел ашуусуна кетип бараткан жолдо кезигет. Бул суу түшкө чейин жай агып, түштөн кийин күрпүлдөп, албууттанып чыгат. Мындан улам эл аны түш оой электе кечүү керек деп эскертишчү. Ал эми жүк ташуучу КамАЗ үлгүсүндөгү чоң унаа (видеодогу) суудан өтүп баратканда түшкө маал болчу. (Бул тууралуу "Бедел жолу" тасмасында айтылат)
Эми 90 жыл (тасма 2006-жылы тартылган) мурдагы суунун көлөмүн, анын албуут акканын, кымгуут түшүп, ызылдап сууга бой урган кыргыздарды элестетип көрүңүз.
Үркүндүн курмандыктарынын көз жашына, канына күбө болгон кечүүлөрдүн бири ушул.
Үркүндөгү эл кечип өткөн Тарагай суусу
Бедел ашуусуна бараткан жолдо
«...Падышанын жазалоочу отряды бизди, качкан элди кууп келе жаткан экен. Кызыл-Уч деген жерге токтоп, шыкалып турган элди көздөй замбирек менен бир атканда эле эл ызы-чуу түшүп, кыйкырыктар башталды. Андан соң чектен өткөрбөй аткан Кытайдын чериктерине моюн бербей эле, каптап кирип кетти. Ошондо Өрттөң, Музарт деген эки өзөндө элдин кырылганын сураба! Калың эл урма сууга каптап киргенде, суу бөгөлүп калат экен. Мингеним чоң тору бээ эле, суу жалына чейин барды. Агып бараткан бала, кемпир, чал дегендерди сураба... Чектен өткөндө эле калмактар качкындарга чабуул койгон. Көз көрүнө келиндерди жетелеген төөсү менен, жылкыларды үйүр-тобу менен алып кете берди...»
Тилчи, лексиколог Кусейин Карасаевдин эскерүүсүнөн
«...Жолдо өлгөнүнөн калганы чек арага барганда Музарттын суусунан кырылды дейт. Чек араны тоскон кытайлар качкындарды алга жылдырбай тоссо, артынан замбирек менен аткылап, орус солдаттары куушуруп кирип келиптир. Айласы кетип карайлаган эл кечүү таап өткөнгө шаасы жетпей, колдорун кармашкан бойдон Музарттын суусуна күргүштөп киришиптир. Кандуу дайра коёбу, алдан тайыган бечераларды илинген эле жерде ала салдырып туруптур. Ажалы жок айрымдары гана эптеп аркы өйүзгө чыгыптыр.
Бул окуя Орозаалынын (агасы М.Б.) эле көргөнү. Ал кезде мындай окуянын канчасы болбоду дейсиң? Элибиз ошентип сапырылды го...
Мамлекеттик, коомдук ишмер К. Качкеевдин маегинен
Кыргыз Туусу, №161-162, 1991-ж.
Бир күнү таякем, таежем үчөөбүз көлдүн жээгиндеги ээн, тынч жерге окууга даярданалы деп барсак, жээкте аппак болгон аркайган сөөктөр жайнайт. Ары жакта адамдын баш сөөгү да жатыптыр. Мурунку күнү көлдө катуу толкун болгон эле. Ошондо толкун ал сөөктөрдү жээкке чыгарып салыптыр.
Кийинчерээк биз көргөн сөөктөр 1916-жылы үркүн учурундагы кырылган адамдардыкы экенин билдик. Көрсө, бир айылдын элин кары-жашына карабай малча айдап келип, көлгө чөктүрүп, андан чыгууга далалат кылгандарын атып, баарын өлтүрүшүптүр. Көлгө чөктүрүлүп көз жумган адамдардын сөөктөрү ушул күнгө чейин көл түбүнөн чыгып бүтө элек тура. Саны канча экендигин билбейм. Көп адам болсо керек, көп адам...
Жаңыл Байтыманова (61 жашта) Тоң району, Бөкөнбаев айылы
"Супер-инфо" гезитиндеги маек №569
Ажар чындап эми жанынан үмүт үздү. Таянган
жалгыз отунан ажыраарын, жоосунун колуна түшөрүн,
райымсыз жырткычтарга жем болорун билди, көңүлү
караңгылады. Акылы, алы кетти. Эси ооду. Көзүнө
жер, чөптөр, тоо-таш — баары да жоо болуп көрүндү.
Арбайып- тарбайып, оозун ачып, жакындап келе
жаткан сыяктанат. Ага айла кылмакчы, каршы
турмакчы болду. Колу менен чоктуу күлдү шилеп, жан
жагына ыргытты, чачты. Карышкырлар болбоду,
күчүнө алды, кыңшылашып туш-тушунан качырышты.
— Мына эми, мен силердики, алгыла!—деди Ажар.
Башка сөз айтууга кубаты келбеди. Жыгылып кетти...
Үстүнө карышкырлар үймөлөктөшүп калды. Жемди
талашты, ырылдашты, ары-бери сүйрөштү.
Чырылдаган Ажардын аянычтуу үнү гана угулду...
Касымалы Баялинов
"Ажар" повестинен үзүндү
1916-жыл
Үркүндүн Кыргызстандын түштүгүнө тийгизген таасири
Тарых илимдеринин кандидаты, доцент Ж. Бөтөнөевдин айтымында, 1916-жылдагы көтөрүлүштөн Кыргызстандын түштүгү да жабыркаган. Нараазычылыкка чыккандардын арасынан 1000 ге чукул адам жазалоочу отряддын колунан каза тапкан. Падыша өкмөтү көтөрүлүштүн бүтүндөй Фергана облусуна тарап кетүүсүнөн чоочулар эле. Эгер бул толкун басылбаса, анда ал кеминде 10 этнос өкүлдөрүнүн арасында жаралган көтөрүлүшкө айланмак.
Мындан улам суроо жаралат: "Эмне үчүн Кыргызстандын түштүгүндө курман болгондордун саны түндүккө салыштырмалуу аз?" Тарыхчы соболго төмөндөгүчө жооп берди. (Видео)
Эмне үчүн Кыргызстандын түштүгүндө курман болгондордун саны аз?
"Ош шаарындагы Сулайман-Тоонун айланасына эл топтолгон күндүн так датасы, андагы лидерлердин, каза тапкандардын аты-жөнү белгисиз. Анткени, 1991-жылга чейин улуттук тарых жазылбай, "Үркүн" тууралуу эскерилген эмес. Бирок, 1916-жылдагы Кыргызстандын түштүгүндөгү окуялар тууралуу Өзбекстандын Ташкент шаарындагы архивде сакталуу. Ал маалыматтарды буга чейин (түрдүү себептер менен) алууга мүмкүн болгон эмес. Маанилүүсү, кайсы тарыхый документ болбосун, 70 жылдан соң өз актуалдуулугун жоготот жана ачыкка чыгат

1916-жылы азыркы Ош облусуна караштуу Алай, Чоң-Алай райондору Кытайга качкандарга коридор болуп берген. Ошол эле учурда Кыргызстандын түндүгүндөгү кыргыздар түштүк аймагына качып келишкен. Азыркы Кара-Кулжа районунун (Ош облусу) Алайкуу өрөөнүндө черик уруусунун өкүлдөрү жашашат. Ал эми Өзгөн районунун Гөлдүк айылындагылар да ошол Үркүн маалында качып келип, отурукташып калгандардан."

Жолдошбек Бөтөнөев
тарыхчы
Ошентип Үркүн апаатынын кесепети менен калктын саны 41,4% кескин азайды. Айрым булактарда айтылгандай, 500 миңге чукул кыргызды кырылды. Бул сандарды айрым илимий изилдөөлөр далилдегени менен, жоготуунун саны боюнча тартышуулар дале болуп келет. Тарыхчыларга нечен ирет "Үркүндүн алдын алса болот беле?" деген суроо узатпайлы, кээ бирлер "болот болчу" деп жооп берсе, кээ бирлер "1916-жылдагы Улуттук Боштондук күрөшү орустардын колониялык бийлигин, алардын күчүн басаңдаткан" деген пикирин айтат. Бирок, эки тараптуу чагылдырууну туу тутуп, назар салсак, орустардын колониясындагы жашоонун деле эки тарабы бардай... Себеби, орустардын көчүп келип, отурукташуусунан соң көчмөн калк там салууну, курулуш курууну үйрөнгөн. Эл ичинде укуктук нормалар таанылып, соода-сатык мамилеси башталган. Бул кайсы бир деңгээлде диний кат тануу менен чектелгендерге сабатсыздыктын жоюлушу эле.
Эмил Балтагулов "1916-жыл"
Үркүндүн курмандыктары бүгүнкү күнү адабий чыгармаларда, ырларда эскерилет
Көмүлбөй калган сөөктөр...
2006-жылы Кыргызстандан атайын экспедициялык топ Ысык-Көлдүн Барскон капчыгайы аркылуу өткөн Бедел жана Ак-Өгүз ашууларына барып келген.
Экспедициялык топ 90 жыл ичинде биринчи жолу көмүлбөй калган сөөктөрдү көмүү демилгесин ишке ашырышкан. Бул тууралуу Кыргыз - Түрк Манас университетинин студенттери "Бедел жолу" аттуу фильм да тартып, түрк тилине которушкан. Тасмада баргандардын 643 бодо малдын башын санап, дагы 111 малдын сөөгүн корумдаганы айтылат.
Ал эми киши сөөктөрүн саноо, бириндетип бөлүү болгон жок. Алдын жетишинче жыйналган сөөктөр жерге берилген. Бирок, бул Үркүн апаатында ашууда калган сөөктөр толук түрдө тазаланды дегени эмес...
Баяныбызды аяктап жатып, "үркүн", "геноцид" терминдеринин тиешелүүлүгүн да эске салбасак болбос. Балким, чын эле "үркүн" сөзү адамдарга эмес, малдарга карата колдонулат чыгар. Балким, Үркүн - геноцид (улутту жоготуу аракети) да болушу ыктымалдыр. Бирок, тарыхый айлампада геноцид тен алынышы үчүн падышанын (мамлекет башчынын) атайын бир улутту кыруу, жок кылуу тууралуу буйругу чыгышы керек. Үркүн - геноцид экени чын болсо, анда ага азыркы орус бийлиги канчалык деңгээлде жоопкер болушу керек. Бул эки элдин алкасына кедергисин тийгизбейби? Айтор, суроо көп...
Ал эми тарыхчы Ж.Бөтөнөев Үркүндү геноцид деп эсептегендерден эмес. "Үркүн - геноцид эмес. Улуттук Боштондук күрөшүндө бийликтин жазалоосу гана орун алган. Керек болсо Эрдене бийдин маалында деле кыргыздар бири-бирин аёосуз жазалап турушкан. Мындан сырткары, ошол маалдагы элдин караңгылыгы, аң-сезимдин төмөңдүгү гана чоң жоготууну негиздеди. Бекеринен "чокоюңду чечип душманга туштасаң, жеңиңди алдыга созуп "баң-баң" десең, чокоюң менен жеңиңден ок атылат" деген мааниде адабий чыгармалар жазылган эмес да"- дейт ал.
Үркүндүн курмандыктарына гүлчамбар коюу
17-сентябрь, 2016-жыл

Содон оңго: Павел Филип (Молдавиянын премьер-министри), В. Путин (Орусия), А.Атамбаев (Кыргызстан), Серж Саргсян (Армениянын президенти)


Ошондо учурдагы орус президентинин мындай аракети талкууга түшүп, көңүлдөрдү жибиткендей болгон. Балким, бул аракет - Үркүндү, андагы курмандыктарды, күнөөнү моюнга алуудур...
Сөз соңунда...
Дээри, Үркүн - бул трагедия экени талашсыз. Үркүн - бул ааламдагы адамзаттын эркиндикти сүйөрү, адилетсиздиктин акыры келип бүтөрүнө далил апаат. Үркүн - бул каны кызуу кыргыздын тайманбастыгынын күзгүсү. Үркүн - тарых, ал бизге жана келечек муунга сабак. Эң негизгиси, анын баасы түбөлүк унутулбай, урматталышы керек. Ал эми калганы тарыхтын жана убакыттын таразасында калсын...

Автору: Гүлжан Эшбаева
Редактор: Мырзайым Жаныбек кызы
Оператор: Мавлян Абдиллаев
Дизайнер: Адыл Абидов

Лонгридди даярдоодо "Үркүн", "Бедел жолу" тасмаларынын үзүндүлөрү, Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор Ө. Осмоновдун лекциясынан, "Азаттык" маалыматтык сайтынын видеосунан пайдаланылды.
Урматтуу окурман!
Эгерде "Үркүн" лонгриди тууралуу ой-пикириңиз же оңдоп-түзөөгө сунушуңуз болсо бизге кат жолдоңуз. Бул үчүн Ынтымак Мedia Group`тун социалдык тармактагы расмий баракчаларына (же төмөндө көрсөтүлгөн электрондук дарекке) жазсаңыз болот.
jibek.nuk@gmail.com

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz