Ринат: ВИЧ экеними кабыл алуу кыйын болду

Ош облустук СПИДке каршы күрөшүү жана алдын алуу борборунун маалыматына ылайык, облус аймагында 350 ВИЧ статусту өспүрүм каттоого алынган. Бул көрсөткүч 2007-жылы Ноокат жана Ош облустук ооруканаларында жаш өспүрүмдөргө массалык түрдө ВИЧ илдети ийне аркылуу жуккан фактыдан улам көбөйгөн. Азыркы тапта, алар мамлекет тарабынан 4000 сом өлчөмүндө жөлөк пул алышат.

Андан кийин 11-жыл өттү. Ал өспүрүмдөрдүн  алды бой жетип, турмуш жолуна аттана турган болуп калышты. Биз, ВИЧ илдетин өспүрүм куракта жуктуруп алган бала менен маектештик. Ал оорууну  кабыл алуу кандай болгонун, учурдагы абалы жана алдыдагы пландары туурасында айтып берди.  Каарманыбыздын суранычы менен аты өзгөртүлдү.

-Саламатсыңбы Ринат? ВИЧ илдетине чалдыкканынды кантип билип калдын?

-Мен ВИЧ статусту экенимди кокустан эле билип калдым. Ден-соолугум начарлап, ооруканага кайрылдым. Ошентин ВИЧке алынган анализдин жыйынтыгы оң болуп чыгып калды. Алгач укканда ишенген жокмун. Башкача эле сезимдер болуп, аябай кыйналып жүрдүм. Бул чындыкты моюнга алуу мен үчүн бир топ оор болгон.

-Бул илдет менен төрт жылдан бери күрөшүп келет экенсин, жыйынтык кандай болуп жатат?

-Ооба, адам ар бир кырдаалга көнөт экен. Мен даарыларды 2017-жылдан баштап гана иче баштадым. Ага чейинки, үч жыл такыр ооруга каршы даары ичкеним жок. Анткени диагнозго ата-энем да ишенген жок. Кантип эле жаш балада ВИЧ болсун деп. Андан сырткары илдет туурасында дарыгерлер тараптан да толук маалымат берилбегендиктен, дарылоону кеч баштап калдым.

-Досторун сенин статусун жөнүндө билишеби?

-Алгач менде коркуу сезими аябай күчтүү эле. Эл эмне дейт? деген суроо абдан кыйначу. Азыр баары өзгөрдү. Өзүмө окшогон өспүрүмдөр менен таанышып, баарлашкан соң мен жалгыз эместигимди түшүнүп жеттим. Азырынча менин оорум туурасында жакын адамдарымдан башка эч ким билбейт. Бирок, досторума өз статусун жөнүндө айтууну көздөп турам. Анткени алар мени, мен аларды абдан жакшы билем. Ошондуктан досторум мени туура түшүнүшөт деп ишенем. 

-Келечектеги  пландарын кандай?

-Мен өзүм мектепте активдүү окуучу элем. Келечекте юрист болсом деп кыялданчуумун. Максатыма жетүү үчун сабактарды жакшы өздөштүргөнгө аракет кылчуумун. Бирок,  бул илдет менин жашоому түп тамыры менен өзгөрттү десем болот. ВИЧ экенимди билген соң,  келечекке болгон кыялдарым да өзгөрдү. Азыр мен психолог кесибин тандап жатам. Учурда 11-класста окуйм.  Мектепти бүткөндөн кийин, психология жаатында билим алайын деген планым бар. Бул кесипти тандашыма мага оор күндөрдө жардам берип, ВИЧти менен да толук кандуу жашаса болоорун үйрөтөн  психолог түрткү болду.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген