Reuters жетекчиси Мьянма бийлигине кайрылды

Reuters маалымат агенттигинин башчысы Стивен Адлер Мьянмада камакка алынган 2 журналисттин соттолушуна тынчсыздануусун билдирди.  Агенттиктин 2 кызматкери өткөн айда Ракхайн штатында аскердик кагылышууларды чагылдырып жүргөн кезде кармалган болчу.

Бүгүнкү күндө Reutersдин башчысы Адлер Мьянма бийлигине кайрылып, журналисттерди бошотууну талап кылууда.

[Стивен Адлер, Reuters маалымат агенттигинин башчысы]:

Биз бул окуяны сөз эркиндигине ачык эле кысым жасоо катары кабыл алдык. Кесиптештерибиз эч кандай мыйзам бузууга барышкан жок. Алар болгону өз милдеттерин аткарып, Мьянмада болуп жаткан окуяны жеринен чагылдырып жүрүшкөн болчу. Мьянма бийлигине кайрылат элем, кесиптештерибизди бошотуу зарыл.

Журналисттер 12-декабрда полиция кызматкерлери менен жолугушууга барган учурда кармалышкан. Алар аскердик жашыруун материалдарды мыйзамсыз сактап жүрүшкөн деп күнөөлөнүүдө. Бул айып үчүн сот журналисттерди 14 жылга эркинен ажыратышы мүмкүн.

Бирок Мьянма бийлиги 2 журналисттин камакка алынышын сөз эркиндигине кысым катары карабай турганын билдирди.

Эскерте кетсек, Мьянмада аскердик кагылышуулар рохинджа мусулмандарын куугунтуктоо башталганда күчөгөн. Акыркы айларда эле башаламандыктардан улам, Мьянмадан Бангладешти көздөй 650 миңден ашуун рохинджа качып чыгышкан.

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar