Республикалык штаб Жалал-Абаддагы өкмөт өкүлүнүн коронавирус тууралуу маалыматын четке какты

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзакметовдун облус аймагындагы дагы төрт адамдан коронавирус аныкталганы боюнча маалыматын өкмөттөн төгүндөштү.

Бүгүн ал журналисттерге маалымат берип жатып, Сузак районунун Ырыс айылынын төрт тургуну коронавируска чалдыкканын жана алардын ичинде эң жашы жетидеги бала экенин айткан.

Бирок Коронавируска каршы туруу боюнча республикалык штаб анын бул маалыматын четке какты. Мындан кийин облус жетекчиси интернет аркылуу кайрадан кайрылууга чыкты.

Опубликовано Жалалом-Абадом Облусунун Медиаборбору Пятница, 20 марта 2020 г.

Учурда түштүк аймагында иш алып барып жаткан вице-премьер-министр Акрам Мадумаровдун “Азаттык” радиосуна билдиришинче, облус башчысы ооруга шек саналгандар жөнүндө туура эмес маалымат берип алышы мүмкүн.

“Балким облустун өкүлү ооруга шек саналгандар жөнүндө маалымат берип алды көрүнөт. Ал саламаттык сактоо кызматкери эмес. Бул ооруну аныктоонун өз тартиби бар. Анын негизинде гана аныкталган соң жарыяланат”, – деди Мадумаров.

Республикалык штабдын маалыматы боюнча, расмий түрдө өлкө аймагында 12 адам коронавирус жугузуп алганы аныкталган. Алардын ичинен сегиз адам Сузак районунда болсо, үчөө Ош облусунун Ноокат районунда, бир адам Баткен облусунун тургуну.

Фото: Азаттык

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген