Рейд: Оштогу таксисттердин 50%нын патенти жок

Ошто такси кызматында иштегендердин патенти текшерүүгө алынууда. Документсиз эл ташыгандарга 2-5 миң сом айып пул салынат. 

Ош шаарында 1,5 миңдин тегерегиндеги айдоочу такси кызматында эмгектенет. Булардын арасында 700гө жакыны гана патенттин негизинде иш алып барышууда деп маалымдайт салык кызмат. Ошондуктан жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү менен биргеликте рейд уюштурулуп жатат.

Рейдде салыктык жоопкерчиликтен качкандарга протокол түзүлүп, акчалай жазана салынууда. Акчалай жазанын суммасы жеке жактарга  2 миң  сом, юридикалык тараптарга 5 миң сом деп белгиленген. Акыркы 3 күндүн ичинде эле 76 айдоочу айыпка жыгылды.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген