Рейд: эреже бузган жөө жүргүнчүлөр 500 сомдон айыпка жыгылды

Кара-Суу шаарынын борбордук көчөсүндө бир сааттын ичинде эле жол сызыктары жок жерден өткөн адамдардын саны 20дан ашты. Рейддин  алкагында  аларга эскертүүлөр берилип, 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Айып пулга жыгылган жүргүнчүлөр аталган аймакта жол сызыктарынын жоктугуна нааразы.  Анткени Кара-Суу шаарынын борбордук көчөсүндө да жол сызыктары өчүп, дээрлик көрүнбөй калган. Бул болсо жөө адамдар менен айдоочулардын ортосунда пикир келишпестиктер менен талашты жаратып келет.

Кара-Суу району – өлкөдөгү эң ири аймактардын бири. Күн сайын базарга 10 миңдеген унаалар кирип турат. Ошондуктан жөө жүргүнчүлөр менен айдоочулардын жолдо жүүрүү маданиятын көтөрүү кажет. Анткени жол эрежесин бузган учур эки тараптуу болот.

Жөө жүргүнчүлөрдүн катышуусундагы автокырсыктарды болтурбоо үчүн жол эрежесин такай сактоо боюнча профилактикалык түшүндүрүү  иштери республиканын бардык аймактарында өтүп жатат.

Эске салсак, Ош облусунда акыркы үч айда  жөө жүргүнчүлөр катышкан жол кырсыктарынын саны  118ге жеткен.  Андан 180 адам жараат алып,  18и каза тапкан.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген