Рак илдети жашаруудабы? Видео

Ош облусунда рак илдетине чалдыккандардын саны көбөйүүдө. Оору жаштар арасында да көп кездешүүдө. Бул тууралуу Ош облустар аралык онкология борборунун дарыгери Гулмайрам Арапбаева билдирди.

Анын айтымында, биринчи орунда эмчек рагы, андан кийин аялдардын жыныс мүчөсүнүн рагы турат.

Статистикалык маалыматка ылайык, учурда өлкө боюнча 25500 жаран рак илдетине алдыгып, каттоого алынган. Тилекке каршы, илдеттен көз жумган фактылар да кездешет.

Андыктан дарыгерлер өз учурунда медициналык кароодон өтүп турууну сунушташат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген