Райымбек Матраимов 18-апрелге чейин камакта калтырылды

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов 2 айга Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө камак жайына камалды. Бул тууралуу бүгүн kabar.kg жазды.

Эскерте кетсек, Р.Матраимов кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштыруу (Адалдаштыруу) фактысы боюнча ачылган кылмыш ишинин алкагында 2021-жылы 18-февралда кайрадан кармалды.

Мындан мурда ал 11-февралда Бишкек шаардык Биринчи май райондук соту тарабынан коррупцияга шектелип, 260 миң сомго айыпка жыгылган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.