Рафаэль Физиев UFC уюму менен келишим түздү

Кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиев дүйнөдө эң атактуу эсептелген  UFC уюму менен  келишим түздү. Бул турасында анын менеджери өзүнүнүн соц тармактагы баракчасына  жарыялады. 

Бул келишими менен “Атаман” жана “Матрица” каймана атка конгон мекендешибиз  UFC уюмунда уруша турган кыргызстандык  үчүнчү спортчу болду, же эркектер арасындагы  алгачкы мушкер болду. Белгилей кетсек, аталган уюмда кыргызстандык  эже-сиңди Шевченколор рингге чыгып келет.

Эми Физиев биринчи  урушун 20-апрель күнү Орусиянын Санкт-Петербург шаарында өтүүчу “UFC ESPN+7” турниринде өткөрөт. Азырынча анын атаандашы ким болоору аныктала элек. Аны аталган уюм өзү тандайт.

 

 

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген