Путин ооган качкындарын Борбор Азияга жайгаштырууга каршы чыкты

Орусиянын президенти Владимир Путин батыш өлкөлөрүн АКШда жана башка өлкөлөрдө виза алуу маселеси каралып жаткан учурда, ооган качкындарын коңшу Борбор Азия мамлекеттеринин аймагына жайгаштырууну сунуштап жатканын сындады. Бул тууралуу жекшимби күнү Путин “Единая Россия” партия өкүлдөрү менен болгон жолугушууда айтканын ТАСС басылмасы билдирип жазды.

“ Демек, аларды бул өлкөлөргө визасыз, коңшуларыбызга жөнөтсө болот, бирок өздөрүнө визасыз алып баргысы келбейби ? Маселени чечүүдө мындай кемсинтүүчү мамиле эмне себептен? ”, – деди Путин.  

“Алар менен биздин жалпы чек араларыбыз бар, бирок визалык чектөөлөр жок. Элестетип көрүңүздөр: качкындардын арасында кимдер гана болушу мүмкүн жана алар бул өлкөлөрдүн бирине кирди дейли. Алардын саны миңдеген, ал тургай жүз миңдеген, балким миллиондогон болушу мүмкүн. Биздин коңшулаш мамалекеттер менен эч кандай визалык чектөө жок. Бирок чек ара деген эмне? Миңдеген километр! Качкындар  каалаган нерсеге, машинага, атүгүл эшекке отуруп, талааны аралап өтүшө турган болушса, биз ошондой учурда менен эмне кылабыз?” – деди Орусиянын президенти.

Ошол эле учурда АКШнын президенти Байден Ооганстандан эвакуациянын жүрүшү жөнүндө убада бергени белгилүү болду.

Анын айтымында, 14 -августтан бери АКШ Кабулдан 28 миң адамды – америкалыктарды, оогандарды жана башка өлкөлөрдүн жарандарын эвакуациялаган.

Америка Кошмо Штаттары үчүн биринчи приоритет америкалык жарандардын эвакуациясы бойдон калууда, бирок алар америкалык аскерлер же дипломаттар менен кызматташкан оогандыктарды алып чыгууга аракет кылышат. Анын айтымында, мындай массалык эвакуацияны акыркы жумада аэропортто байкалган трагедиялуу көрүнүштөрсүз ишке ашыруу мүмкүн эмес.

Маалыматта ошондой эле, Америка президенти Ак үйдө журналисттердин бир нече суроолоруна жооп бергени айтылат.

Биринчи суроого жооп катары, ал операциянын шарттарын узартууну көздөп жатканын билдирди( ал 31-августта бүтүшү керек.) Анын айтымында, бул маселе дагы эле талкууланып жатат жана чечим эвакуация үчүн бөлүнгөн убакыттын аягында канчага жеткенине көз каранды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.