Путин менен Жапаровдун жолугушуусу 24-майда Сочиде болот

Президен Садыр Жапаров менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин жолугушуусу 24-майда Сочи шаарында өтөт, деп билдиришти Кремлдин басма сөз кызматынан.

«Кыргызстан менен стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелери бекемделип жатат. Биздин өлкөлөрдү жалпы тарых барактары бириктирип турат, биз өз ара ишенимди жана бири-бирибизге болгон сый-урматты сезебиз. Орусия менен Кыргызстан соода-экономикалык, аскердик-техникалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда ийгиликтүү өз ара аракеттенишүүдө. Биз биргеликте евразиялык интеграцияны өнүктүрүүгө салым кошобуз. 24-майда Сочиде боло турган президент Садыр Жапаров менен жолугушуу учурунда ушул темалардын бардыгы боюнча мазмундуу баарлашабыз ”, – деди В. Путин ишеним грамоталарын тапшыруу аземинде.

Белгилей кетсек, бүгүн Кыргызстандын Орусия Федерациясындагы Элчиси Гүлнара-Клара Самат Путинге Ишеним каттарын тапшырды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.