Путин менен Жапаров ортосундагы сүйлөшүүлөр эки өлкө үчүн маанилүү болгон долбоорлорду жандандырат

Кечээ, 24-майда, Орусиянын Сочи шаарында Владимир Путин менен Садыр Жапаровдун жолугушуусу болуп өттү.

Жолугуушууда мамлекет башчылары, эки тараптуу мамилелердин эң маанилүү маселелерин – экономикалык долбоорлор, коронавируска каршы күрөшүү, Фергана өрөөнүндөгү чек ара көйгөйлөрүн чечүүгө көмөктөшүү тууралуу жеке талкуулашты.

Путин менен Жапаров талаштуу чек ара маселелерин күч менен эмес, сүйлөшүү жолу менен чечүү керек деген пикирде. Орусиянын башчысы “Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы курч маселелерди чечүү үчүн” колунан келген бардык жардамын бере турганын айтты. 

Мындан сырткары президенттер энергетика, аскердик өнөр жай комплекси, байланыш, логистика жана маалымат технологиялары жаатындагы орус-кыргыз долбоорлору тууралуу сүйлөшүштү.

Владимир Путин Кыргызстанда Sputnik V коронавирус вакцинасын өндүрүү жөнүндө идеясын айтты.

“Идеяны ишке ашыруу республикада жана региондо пандемияга каршы күрөшүүдө гана эмес, ошондой эле кыргыз бюджетине бир топ каражаттарды үнөмдөөгө жардам берет”, – деди ал.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.