Психологиялык тест: Күчтүүсүз, бирок сизден эч ким коркпойт. Анткени…

Бирине бири аралашкан жаныбарлардын арасынан эң алгач кайсы жаныбарды көрдүңүз? Көзүңүзгө биринчи болуп илинген жаныбар мээңиздин кандай иштээрин, акыл-эсиңиз пайда болгон кырдаалды кандай кабыл алаарын, дегеле кандай адам экениңизди билгенге жардам берет.

Кобра

Эгер кобраны биринчи көргөн болсоңуз, демек кандай окуя болбосун, жеңил кабыл аласыз. Пайда болгон кырдаалга жүрөгүңүз менен аң-сезимиңиз тең салмакта, бирдей реакция кылат. Ошондой эле кандай абал болсо да кайдыгер карабайсыз, бирок баш-отуңуз менен берилип да кетпейсиз.

Жарганат

Сиз үчүн маанилүү болгон нерселерге бекем турасыз. Өз оюңуз жана чечимиңиз бар, моралдык жактан күчтүүсүз. Бирок сиздин бул тарабыңызга жакындарыңыз маани бербейт, анткени өтө эмоцианалдуусуз. Ошондой эле айланаңыздагы адамдардын эмоцияларын байкап, оюн “окуганга” жөндөмдүүсүз.

Арстан

Арстанды көрсөңүз, анда сиз өзүңүзгө ишенимдүү жана көз карандысыз инсансыз. Эркиндикти жакшы көрүп, жүрөктүн гана каалоосун баалайсыз. Жашооңуз башкаларга эмес, өзүңүзгө ыңгайлуу болушун туура көрөсүз. Андыктан, эч кандай эреже, талап, чектөөлөрсүз жашаган сизге ырахат тартуулайт.

Жолборс

Башкалар көрбөгөндү көрө билген, ачык адамсыз. Уккан же көргөн нерсеге эле ишене бербейсиз, бир көрүп эле айыптоо сиз үчүн жат нерсе. Окуяны ар тараптан карап, туура баалайсыз. Жараткан сизге боорукерликти ченебей берген.

Карышкыр

Эгер табиятыңыздан берилген жөндөм жана таланттарыңызды туура пайдалансаңыз, анда көйгөйлөрдү эч тайсалдабай эле чечип кое аласыз. Акылыңыз башкаларга кеңеш, жардам берүүгө, алардын көйгөйүн жеңилдеткенге жөндөмдүү.

Үкү

Табиятыңыздан лидер адамсыз. Үндү бийик чыгарып эмес, акырын эле сүйлөп башкарып коесуз. Сизди бирөө башкарышын, жол көрсөтүп, жашооңузга кийлигишкенин, терс сын айткандарды жана кандай жашаш керек экендигин үйрөткөндөрдү аябай жаман көрөсүз.

Күчүк

Адамдардын баарын жакшы көрө бересиз, табиятыңыз ушундай. Жакындарыңыз сизге жагыш үчүн аракет деле кылбай койсо болот. Сиз менен жолугуп, сүйлөшкөн адамдын көңүлү ачылып, жашагысы келип кетет. Позитив тартуулай аласыз.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген