Бала багып алганыма өкүндүм

Атын атабай эле коюуну туура көргөн Ош облусунун Кара- Суу районунун жашоочусу бала багып алып, аны жакшы көрүп, ага көнүп калгандыгын, бирок ошого карабай балдар үйүнө тапшырууга мажбур болгондугун айтып “Ынтымакка” кайрылды. “Ичим өрттөнүп жатат, бирок башка аргам жок эле”,- дейт каарманыбыз.

“Баланы багып алуу- бул өтө чоң жоопкерчиликти талап кылат экен. Каражат маселеси бул жакта калсын, моралдык жактан даяр болуу өтө маанилүү тура. Мен бир балалуу болгондон кийин ден- соолугума байланыштуу төрөй албай калдым. Жашым өтүп бараткан. Ошондо жолдошума бала багып алсак кандай болот деген оюмду айтып көрдүм. Бирок жолдошум караманча каршы чыгып: “Кантип эле, өз канымдан жаралбаса кантип багып алам, сен ойлонуп сүйлөсөң болбойбу?”,- деген сыяктуу сөздөрдү айтып жүрөгүмдү аябай оорутту. Эмне кылам, ыйлап эле олтуруп калдым.

“Кызыбыз чоңоюп калды, эртең эле кетет башка бүлөгө. А мен сага башка төрөп бере албайм, андан көрө ажырашалы дагы, сен башка менен турмуш кур, тукумуң улансын”,- дедим бир күнү жолдошума. Мындай оюмду уккан жолдошум мени менен ажырашпастыгын, эгер мен кааласам бала багып алууга макул экендигин билдирди. Ошол күндөн тарта эле багып ала турган бала издей баштадым. Баары ойдогудай болуп, тааныш гинеколог эжелер аркылуу төрөп таштаганы жаткан жаш кыз менен тааныштым. Балабыз төрөлгүчө текшерүүдөн өткөртүп, кем- карчысын толуктап жанынан чыккан жокмун.

Уулум төрөлдү, ушунчалык сүйүнүп, өзүмө- өзүм батпай жүргөм ошол күндөрү. Баары жакшы болчу. Бирок уулум канчалык чоңое берген сайын жолдошумда балабызга болгон жек көрүү пайда болуп, анысы улам өөрчүй берди. Кылыгы чыга баштаган баласын ойнотмок тургай, кадимкидей кыжырданып, кагып- силкип, душманы сыяктуу көрө баштады. Ал ортодо мага дагы катуу сөздөрү тийип, мен баланы багып албаганда жашоо башкача болмоктугун айта баштады. Ошондо мен бала алууга даяр болбой туруп, жолдошумдун пикири менен жакшылап эсептешпей туруп баланы багып алганым туура эмес болгонун түшүндүм. Тааныш, туугандарымдын кеңеши менен баламы балдар үйүнө тапшырууга мажбур болдум”,- деди каарманыбыз.

Ушуга окшогон учурларга туш болбошу үчүн бала асырап алуучу мекендештерибиз эмнелерге даяр болушу керек деген суроо менен психолог Гүлнара Оңкошовага кайрылып, өлкөбүздө, анын ичинде Ош облусунда мындай учурлар тез- тез катталып жаткандыгы туураалуу билдик.

“Ош шаарынын мэриясынын алдында көп тармактуу үй- бүлөлөр жана балдар үчүн “Фостердик үй бүлөлөрдү даярдоо боюнча” курстар өтүп, ага облустун ар кайсы аймактарынын тургундары келип катышышат. Ал жерде окугандар бир этаптан экинчи этапка өтүп олтуруп, аягында сертификаттарды алышат. Ошол жерде баланы багып ала турган адам психологиялык, моралдык жактан эмнелерге даяр болушу керек экендигин окуп- үйрөнүшөт.

Бала алганы жаткан жарандардын баары ушул сыяктуу окуулардан өтсө аябай жакшы болмок. Тилекке каршы эч кандай даярдыксыз эле баланы багып алып, натыйжада өздөрү дагы, бала дагы кыйналып жатат. Мындай учурлардын бир тобун мен дагы угуп, кейип жүрөм. Баланы ата- эне бардык тараптан даяр болгон учурда гана багып алышы керек. Үй бүлөдө он адам болсо, онунун тең ой- пикири эсепке алынышы шарт.

Үй бүлө мүчөлөрү баланы багып алаарда анын медициналык картасы менен таанышып, жакшылап изилдеши керек, андан тышкары бала менен жакындан сүйлөшүп, бири- бирине көнүшкөндө, ортодо жылуулук пайда болгондо, бала кылып алууга толук ишенгенде гана багып алуу чечими чыгышы керек. Бул бир күндө же бир айда эле бүтө турган иш эмес, жылдап ойлонуп, кеңешилип анан гана чыгарыла турган чечим.

Жогорудагыдай учурларда кайтарылган баланын психологиялык абалына, аң- сезимине чоң доо кетет. Ошондуктан, мунун алдын алуу үчүн мамлекет дагы чара көрүп, мыйзам чыгарса жакшы болот эле. Баланы кайтарып барганда балдар үйлөрдүн кызматкерлери дагы унчукпай кайра албай, ата- эне менен иштешип, түшүндүрүү жүргүзүүлөрү зарыл деп эсептейм”, -деген жооп алдык.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген