Президенттин Жогорку Соттук палатасынын өкүлү кызматынан бошотулду

Латип Жумабаев Президенттин Жогорку Соттун Конституциялык палатасындагы туруктуу өкүлү кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Аталган жарлыкка КР Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

Латип Жумабаев 26-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында Соттун Конституциялык палатасынын судьясы болуп шайланган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген