Президенттин районунда “жылдык өткөрүүнү” жоюу демилгеси колдоо тапты

Кечээ, 18-мартта, Кара-Кулжа районунун Кызыл-Жар айыл өкмөтүндө ыксыз чыгымдарды кыскартуу боюнча элдик жыйын өттү. Ага айылдардын имамдары жана мекеме уюмдардын жетекчилери, айыл аксакалдары катышты. Бул тууралуу айыл өкмөттүн фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.

Андагы жыйында ыксыз чыгымдарды азайтуу боюнча 6 пункттан турган сунуш берилип, колдоо тапты. Алар төмөндөгүлөр:

– Тажия болгон жерде 2 кой же 1 бодо мал союлсун, (эгерде, 1 бодо мал болбосо, 2 жандык союлсун) башкага уруксат берилбейт;

– “Жумалык”, “бейшембилик”, “жетилик”, “үчүлүк”, “кыркылык” өткөрүлбөсүн;

– Себет көтөрүп баруу, аны өткөрүп алуу токтотулсун;

– Маркум көзү өткөндө көк кийүүнү кыздары жана аялдары гана кийишсин башка жакын туугандарына уруксат берилбесин;

– Маркумдун сөөгүн койгондон кийин, ага арнап эстелик тургузулбасын;

– Жылдык өткөрүүгө жана ар бир үйгө конок алууга тыюу салынсын;

“Бул маселелер каралып чыгып, жалпы эл бир добуштан колдоп беришти. Ар бир айылда, жана айыл өкмөттөрдө, комиссия түзүлүп, элге түшүндүрүү иштери башталат”,-деп айтылат маалыматта.

Кыргызстанда мындан 10 жыл башта, тактап айтканда, 2008-жылы той-аштарга 40 млрд сомдон ашык каражат жумшалган. Ал эми былтырлары, болжолдуу түрдө 140 млрд сомго жакын сарпталганы айтылган. Өкмөт ыксыз чыгымдарга бөгөт коюу маселеси боюнча бир топ аракет кылып келет. Бирок салт болуп калган деген жүйө менен эл чыгымдарга дагы эле жол беришүүдө.

Экономикалык серепчилердин эсебинде, Кыргызстанда той-ашка 2 млрд доллардан ашык каражат сарпталат. Ашыкча чыгымдарды азайтуу боюнча көп эле демилгелер көтөрүлүп келет.

Эскерте кетсек, өлкөнүн айрым айылдарда той-аштарда ыксыз чыгымдарга чектөөлөр киргизилген. Анткен менен ашыкча чыгымдар дагы деле кыскарбай келет.

Фото: Азаттык

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген