Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары дайындалды

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун буйругуна ылайык Манапов Уристем Ибраимович президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, өкүлдүн жаңы орун басары бүгүн жамаатка тааныштырылды.

Мындан ары президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 3 орун басары иш алып барат.

Манапов Уристем Ибраимович 1976-жылы, 3-октябрь күнү Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Кызыл-Тоо айылында туулган.

Билими:

  • 1993-1996-ж. Кыргыз-Өзбек жогорку технологиялык колледжи;
  • 2005-ж. Кыргыз-Өзбек университети (бухгалтер);
  • 2014-ж. ОшМЮИ.

Эмгек жолу:

  • 1996-1999-ж. Ош шаардык салык кызматы, инспектор;
  • 1999-2002-ж. Ош облустук салык кызматынын алдындагы салык полиция бөлүмү;
  • 2006-2012-ж. Мамлекеттик финансы полициясынын Ош шаардык башкармалыгы;
  • 2012-2016-ж. Мамлекеттик салык кызматы;
  • 2016-2021-ж. КР Жогорку Кеңешинин иш башкармалыгынын сектор башчысы.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.