Президенттин иш бөлмөсү жана үйү оңдоп-түзөөдөн өттү

Мамлекеттик резиденциядагы президентке караштуу бөлмөлөрдүн бошотулбай жаткандыгы жөнүндө айрым интернет басылмалар жазып чыгышкан. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынын башчысы Турусбек Коеналиев кайрылуу жасап, аталган маалыматты четке какты.  

Коеналиевдин айтуусунда, экс-президент башка дачага көчүрүлгөн жана жаңы президент Сооронбай Жээнбеков иштей турган жана жашай турган турак жай ремонттон өткөрүлдү. Учурда президент эки иш кеңсесинде тең иштеп жатат.

Интернет басылмаларынын маалыматында, 24-ноябрда президенттик кызматка расмий киришкен Сооронбай Жээнбеков резиденциядагы премьер-министр кезиндеги үйдө жашап жатканын жазышкан. Анда экс-президент Алмазбек Атамбаев “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясындагы президенттик үйдү жана андагы президенттин иш кабинетин бошотуп бере электиги айтылган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген