Президенттин бир тууганынын атына жашынган шылуундар кармалды

Садыр Жапаровдун бир тууганынын атына жашынып, өзгөчө ири өлчөмдө акча каражатын алган шылуундар кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, “A.M.Б.” жана “Б.У.М” президент Садыр Жапаровдун бир тууганы – Сабыр Жапаровдун ысымына жашынып, анын жеке кызыкчылыгы менен алдап, ишенимди кыянаттык менен пайдалануу жолу менен, “M.T.A.” нын өзгөчө ири суммадагы 1 250 000 АКШ долларын түзгөн Казакстандын аймагында жайгашкан эл керектөөчү товарлар салынган контейнерлерди экспорттоо маселесин чечүү үчүн акча каражатын ээлеп алууга аракет кылышкан.

Бул факт боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан, кылмыштын негиздери боюнча жаза кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, (“Айрыкча ири өлчөмдөгү алдамчылык” боюнча) кылмыш иши козголду.

Үстүбүздөгү жылдын, 3-июнунда, тергөө-оперативдик иш-чараларынын жыйынтыгы боюнча, талап кылынган суммадан каражаттын бир бөлүгү алынган соң, “А.М.Б.” жана “Б.У.M” тутукка алынды.

Кармалган “A.M.Б”  УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.