Президенттин басма сөз катчысы ант берүү аземинде артиллерия колдонуу боюнча маалымат берди

Президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек жаңы шайланган өлкө башчынын инаугурациясында артиллериялык аскер техникасын колдонуу маселесине комментарий берди.

Галина Байтеректин 23-январда жарыяланган билдирүүсүндө Президент өлкө башчылык кызматка киришүү менен ал өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Башкы колбашчысы болоорун, андыктан артиллериялык аскер техникасын колдонуу –  иш-чаранын белгилеринин бири жана кеңири таралган тажрыйба экендигин айтты.

“Баарыңыздарга белгилүү болгондой, инаугурация аземи мамлекеттик деңгээлдеги иш-чара. Артиллериялык түзүмдөр кандай болгон күндө дагы, күндөлүк режимде аскердик даярдык деңгээлин кармоого тартылгандыктан, ашыкча чыгымдарды талап кылбастыгын баса белгилей кетүү керек. Аскерлерди даярдоо планына ылайык, артиллериячылар аскер даярдыгы боюнча пландык машыгууларды өткөрөт. Андан улам бул учурда кошумча эч кандай чыгымдар болбойт”, – деп белгиледи.

Буга чейин «Шаар парктары» ишканасынын жетекчиси Калича Умуралиева Бишкектин Октябрь райондук акимчилигине 25-январда Дайыр Асанов атындагы паркка артиллериялык аскердик техника кирери тууралуу жазылган каттын сүрөтүн жарыялап, бул маалымат интернеттеги социалдык түйүндөрдүн айрым колдонуучуларынын нааразылыгын жараткан.

Жаңы шайланган президент Садыр Жапаровдун инаугурациясы 28-январда Улуттук филармонияда өтөт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.