Президенттин атына жамынып, айрымдардын жосунсуз аракеттери көп катталууда

Акыркы учурларда, айрым адамдардын абийирсиз аракеттери көбөйүп кетти, алар президент Садыр Жапаровдун ысымы менен жамынып алып, өздөрүн анын туугандары, кеңешчилери же жардамчыларыбыз деп тааныштырып, мамлекеттик жана башка түзүмдөргө жеке жалданмачылык максатында кайрылышууда. Бул тууралуу президентинин басма сөзкызматынан билдиришти.

«Ушуга байланыштуу, мамлекет башчысы буга чейин мындай адамдар анын жакындары болсо дагы, тезинен камакка алынышы керек деп айткандыгын белгилейбиз.

Ошондуктан, президенттин ысымын колдонуп жеке маселелерин чечүү боюнча кайрылуу же кысым көрсөтүлгөн учурда, тиешелүү укук коргоо органдарына кайрылыңыз », – деп айтылат билдирүүдө.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.