Президенттин администрациясынын ырайым кылуу боюнча комиссиясынын жооптуу катчысы кызматтан алынды

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Апенов Таалайбек Бекболотович президенттин администрациясынын ырайым кылуу боюнча комиссиясынын жооптуу катчысы ээлеген кызматынан бошотулду.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Эске сала кетсек, Таалайбек Апенов пара талап кылуу фактысы боюнча УКМК тарабынан кармалып, тергөө абагына киргизилген.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.