Президенттин администрациясынын кырдаалдык борбору түзүлдү

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Администрациясынын Кырдаалдык борбору жөнүндө” Жарлыкка кол койду.

Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирүү таратты.

Жарлыкка ылайык, Президенттин жана Министрлер кабинетинин ишин маалыматтык-аналитикалык маалыматтар менен камсыз кылуу, башкаруучулук түзүмдөрдү санариптештирүү, ошондой эле аналитикалык маалыматтарды ыкчам даярдоо максатында кырдаалдык борбор түзүүгө токтом кылынды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.