Президенттикке ат салышкан талапкерлердин саны 18ге жетти. Тизме

2020-жылдын 12-ноябрга карай Өлкө башчылыка ат салышкан талапкерлердин саны 18ди түздү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы маалымдады.

Бүгүн, 12-ноябрда 51 жаштагы Садык Шер-Нияз БШКга арызын тапшырды.

Буга чейин 17 талапкер арыз берген:

  1. Адахан Мадумаров,
  2. Арстанбек Абдылдаев,
  3. Кубан Чороев,
  4. Назарбек Нышанов,
  5. Бектур Асанов,
  6. Канатбек Исаев,
  7. Бакыт Бакетаев,
  8. Абдыкаар Сыдыков,
  9. Сазыкбай Турдумалиев,
  10. Нурлан Мотуев,
  11. Рашид Тагаев,
  12. Жеңишбек Байгуттиев,
  13. Клара Сооронкулова,
  14. Аймен Касенов,
  15. Азамат Эсенбеков,
  16. Кубанычбек Кадыров,
  17. Элеонора Турдубекова,
  18. Садык Шер-Нияз.

Талапкерлерди каттоонун аякташына 3 күн калды. Буга чейин Садыр Жапаров өлкө башчылык кызматка талапкерлигин коюу үчүн Президенттин милдетин аткаруу кызматын токтоткон. Жапровдун арызы БШКга түшө элек.

Эске салсак, Сооронбай Жээнбеков президенттик мөөнөтүнүн жарымында өз ыктыяры менен кызматтан кеткенине байланыштуу БШК мыйзамга ылайык, кезексиз президенттик шайлоону 10-январга дайындаган токтом чыгарган. Анткени, “Президентти жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 48-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, президенттин ыйгарым укуктары токтотулган күндөн үч айдын ичинде президенттик шайлоо өткөрүлүүгө тийиш.

Буга байланыштуу БШК президенттик шайлоону өткөрүүнүн календарлык планын бекитти. Ага ылайык, президенттикке талапкерлерди көрсөтүү жана аларды расмий түрдө каттоо 15-ноябрга чейин жүргүзүлөт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.