Президенттикке 13-талапкер болуп Клара Сооронкулова арыз берди

Бүгүн, 11-ноябрда Клара Сооронкулова Президенттик кызматка катышу үчүн арыз берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы(БШК) маалымдады.

51 жаштагы Клара Сооронкулова “Укук мектеби” коомдук уюмунун жетекчиси.

Буга чейин Өлкө башчылыкка 12 талапкер арызын берген.

Алар:

Адахан Мадумаров,

Арстанбек Абдылдаев,

Кубан Чороев,

Назарбек Нышанов,

Бектур Асанов,

Канатбек Исаев,

Бакыт Бакетаев,

Абдыкаар Сыдыков,

Сазыкбай Турдумалиев,

Нурлан Мотуев,

Рашид Тагаев,

Жеңишбек Байгуттиев.

Сооронбай Жээнбеков президенттик мөөнөтүнүн жарымында өз ыктыяры менен кызматтан кеткенине байланыштуу БШК мыйзамга ылайык, кезексиз президенттик шайлоону 10-январга дайындаган токтом чыгарган. Анткени, “Президентти жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 48-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, президенттин ыйгарым укуктары токтотулган күндөн үч айдын ичинде президенттик шайлоо өткөрүлүүгө тийиш.

Буга байланыштуу БШК президенттик шайлоону өткөрүүнүн календарлык планын бекитти. Ага ылайык, президенттикке талапкерлерди көрсөтүү жана аларды расмий түрдө каттоо 15-ноябрга чейин жүргүзүлөт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген