Президенттик аппараттын эки кызматкери жумуштан бошотулду

Президенттик аппараттын эки кызматкери кызматтан кетти. Бул тууралуу Президенттин сайты жазды.

Маалымдалгандай, КРнын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Панкратов Олег Михайлович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Президенттин кеңешчиси кызматынан бошотулду.

Ошондой эле берген арызына ылайык, Ташпаева Назгүл Аскеровна КРнын Президентинин Аппаратынын социалдык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы кызматынан бошотулду.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.