Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзамга кол коюлду

Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу мыйзамга кол койду.

Белгилүү болгондой, 2021-жылдын 11-апрелинде өткөн референдумда КР жаңы конституциясы кабыл алынган. Ага президент 2021-жылдын 5-майында кол койгон. Анда Жогорку Кеңешти түзүүнүн жаңы жол-жоболору каралып, ЖКнын депутаттарын шайлоого мүмкүн болгон шайлоо жөнүндө тиешелүү мыйзамды иштеп чыгуу жана кабыл алуу талап кылынган.

“Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, Жогорку Кеңештин шайлоосун аралаш шайлоо системасы боюнча өткөрүү каралат.

КР Президенти кол койгон мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңеш саясий партиялардын тизмеси (54 мандат) жана бир мандаттуу округ боюнча (36 мандат) калыптанат. Мыйзамдын күчүнө кириши Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону жаңы конституция менен дайындоого мүмкүндүк берет.

Аталган мыйзам бүгүнкү күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.