Президент Жогорку Кеңештин депутаттары менен жолугушту

Садыр Жапаров кечээ, 22-июлда, Жогорку Кеңешинин депутаттары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө учурдагы социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий маселелер, ошондой эле парламенттин кароосунда турган актуалдуу мыйзам долбоорлору боюнча пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы өлкөнүн саясий жана коомдук турмушундагы Жогорку Кеңештин маанилүү ролун белгиледи.

Ал бардык күчтү мамлекеттик башкаруунун натыйжалуу системасын курууга багыттоо зарылдыгын белгиледи.

Садыр Жапаров жарандардын мамлекеттик бийлик институттарына жана мыйзамдуулук үстөмдүгү принциптерине болгон ишенимин бекемдөөнүн маанисине көңүл бурду.

Президент парламенттин бийликтин бардык бутактары менен катар эле ар кандай социалдык-экономикалык маселелерди, анын ичинде коронавирус инфекциясынын пандемиясынын кесепеттеринен улам келип чыккан маселелерди тез арада чечүү боюнча консолидацияланган иш жүргүзүшү керектигин белгиледи.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.