Жээнбеков: Токтогул ГЭСинин иштөө мөөнөтү 35-40 жылга узарат

Токтогул ГЭСинин иштөө мөөнөтү 35-40 жылга узарат. Бул тууралуу өлкө башчысы бүгүн, 18-октябрда, Жалал-Абад облусуна болгон эки күндүк иш сапарынын алкагында Токтогул ГЭСин реабилитациялоо долбоору боюнча иштер менен таанышып жатып билдирди.

“Азыр ГЭСтин төрт энергетикалык блогунда тең негизги электр-механикалык жабдуулар — күч трансформаторлору жана кабелдик линиялар, ошондой эле башка көмөкчү энергетикалык жабдуулар алмаштырылды. Мурдагыга караганда коопсуздуктун дүйнөлүк стандарттарына жооп берген, заманбап материалдардан жасалган жаңы жабдуулар орнотулду. Акыркы жылдарда тез-тез иштен чыгып, станциянын ишенимдүү иштөөсүн коркунучка кабылткан себептер жоюлат. Бүгүн биринчи фазага белгиленген иштер ийгиликтүү аяктап, кайрадан жакшы, майрамдык маанай менен жолугуп жатабыз.Токтогул ГЭСин реконструкциялоонун үч фазасы тең аяктаганда, ГЭСтин иштөө мөөнөтү 35-40 жылга узарат”, — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Белгилей кетсек, Токтогул ГЭСин жаңылоо үч фазадан турат. Биринчи фазасын ишке ашыруу 2017-жылдын май айында башталган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген