Президент ЕАЭБдин кезектеги жыйынына видео конференция форматында катышат

Садыр Жапаров бүгүн, 14-октябрда, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына видеоконференция аркылуу катышат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Казакстанстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин төрагалыгы астында өтө турган жыйында ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин башчыларынын бир катар документтерди, алардын ичинде глобалдык климат маселеси боюнча билдирүүнү кабыл алуусу болжонууда.

Ошондой эле ЕАЭБдин мунай жана мунай өнүмдөрүнүн жалпы рыногун түзүүнүн экинчи этабына өтүү маселесин жана евразиялык интеграциянын күн тартибинде турган башка бир катар маселелерди кароо пландалууда.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.