Президент турукташтыруу фондун түзүү жөнүндө жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров «Чакан жана орто ишкердик субъекттерине колдоо көрсөтүү жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кыргызстандагы чакан жана орто ишкердик субъекттерине мындан ары колдоо көрсөтүү жана аларды экономиканын байкоого алынбаган секторунан чыгаруу максатында министрлер кабинетине эки айлык мөөнөттө тапшырылат:

—       чакан жана орто ишкердик субъекттери үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтерин кызматкерлердин санына жана эсептелген эмгек акысына жараша 2022-жылдан 2024-жылга чейин үч жылдык мөөнөткө 27,25 пайыздан 22 жана 14 пайызга чейин төмөндөтүү;

—       бул жарлыкты ишке ашыруу үчүн зарыл болгон ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.