Президент Сооронбай Жээнбеков Пекинге учуп кетти

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-апрелде «Бир алкак – бир жол» эл аралык кызматташтыктын Экинчи форумуна жана «Дүйнөлүк бак өстүрүү – 2019 көргөзмөсүнө” катышуу үчүн Кытай Эл Республикасынын Пекин шаарына жумушчу визит менен учуп кетти.

Визиттин алкагында Мамлекет башчысы КЭР Төрагасы Си Цзиньпин, ККП Борбордук Комитетинин саясий бюросунун Туруктуу комитетинин мүчөсү Ван Хунин, бизнес-компаниялардын жетекчилери жана илимий чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолугушат.

Андан тышкары, ал Эл аралык көргөзмө борборунда Кыргызстандын жана Кытайдын көргөзмө павильондорун көрөт, делегациялардын башка жетекчилери менен бирге “Достук оазиси” гүлбакчасында дарак отургузат.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамы:

  • Айдарбеков Чыңгыз – Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри;
  • Сыдыков Данияр – Кыргыз Республикасынын Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;
  • Бактыгулова Канайым – Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси;
  • Панкратов Олег – Кыргыз Республикасынын Экономика министри;
  • Мурашев Нурбек – Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри;
  • Бейшенов Жанат – Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министри.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.