Президент Сооронбай Жээнбеков Нью-Йоркко барды

Сооронбай Жээнбеков Бириккен Улуттар Уюмунун 73-сессиясынын жалпы дебаттарына катышуу үчүн Америка Кошмо Штаттарынын Нью-Йорк шаарына келди. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы БУУнун башкы ассамблеясынын жалпы дебаттарында сөз сүйлөп, БУУнун Башкы катчысы Антонио Гуттериш жана башка мамлекеттердин башчылары менен жолугушат.

Мындан сырткары Бириккен Улуттар Уюмунун Д. Хаммаршельд атындагы китепканасында жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган фотокөргөзмөнү ачат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген