Президент Шейх Заед бин Султан Аль Нахаян фондунун жетекчисин кабыл алды

Президент Садыр Жапаров кечээ, 10-мартта, Шейх Заед бин Султан Аль Нахаян атындагы кайрымдуулук жана гуманитардык фонддун (БАЭ) башкы директору Хамад Салем Кардоус Аль-Америни кабыл алды.

Биргелешип кызматташуунун, анын ичинде билим берүү тармагынын келечеги, ошондой эле аталган фонддун Кыргызстандагы ишмердиги тууралуу пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы аталган фонддун өлкөдөгү социалдык жана инфратүзүмдүк долбоорлорду жүзөгө ашыруу боюнча ишмердүүлүгүн канааттануу менен белгиледи.

Фонддун жетекчиси Хамад Салем Кардоус Аль-Амери Чүй облусунун Токмок шаарындагы Ислам академиясынын курулушу жөнүндө маалымат берди. Академия үчүн Токмок шаарынан 2 гектар жер аянты бөлүнүп берилген жана КР Билим берүү жана илим министрлигинин балансына алынган.

2020-жылы академиянын пайдубалын түптөө пландалган, бирок коронавирус пандемиясынын айынан долбоорду ишке ашырууну кийинкиге жылдырууга туура келген.

Анын айтымында, бүгүн Токмок шаарында Ислам академиясынын келечектеги имаратынын пайдубалын түптөө аземи болот.

Келечектеги Ислам академиясында 200дөй студент окуй тургандыгы, алардын 150сү магистратура жана докторантура программасы менен окушары болжолдонууда. Ошондой эле даярдоо курсу менен квалификацияны жогорулатуу курсуна 50 орун бөлүнгөн.

Бул жогорку окуу жайда диний сабактарды тереңдетип окутуу камтылган светтик билим берүүгө багытталган магистратура жана докторантура программалары боюнча аралаш билим берүү караштырылууда.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.